www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Канчалык сапаттуу, кесипкөй экенине бүгүнкү жашообуздагы бардык тараптуу кымбатчылык, көйгөйлөр далил», - деди бүгүн, 14-октябрда NazarNews маалымат агенттигине Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев.

- Жаңы өкмөттүн курамы чиеленишкен маселелрди чече алабы?

- Эгер жаңылышпасам, былтыркы октябрь айынан бери бул өкмөттүн үчүнчү курамы, негизинде мурунку эле кадрлар. Канчалык сапаттуу, кесипкөй экенине бүгүнкү жашообуздагы бардык тараптуу кымбатчылык, көйгөйлөр далил.

Экономикалык кризистен чыгуунун элге, коомго түшүнүктүү программасынын жоктугу, ички жана сырткы саясаттагы баш-аламандыктар, чек арадагы азаптар, отун-суу, күйүүчү май жана башка көп маселелер көпчүлүк кыргызстандыктардын жанын кашайтып жатканы эч кимге жашыруун эмес.

Ошонун баары чогулуп келип бул өкмөткө, президент баштаган аткаруу бийлигине бере турган баа болооруна эч кандай шегим жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости