www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арзыбек Бурхановдун арызынын негизинде экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алдамчылыка шектелип кармалганы айтылууда.

Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан кылтакка илиниптир дегендей, буга дейре укук коргоо органдарына моюн бербей келди эле.

Кезинде Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгын жетектеп турганда Тажик укук коргоо органдарына колго түшүп, сурак берип, түшүнүк кат жазып чыккан окуясы боюнча чоң чуу чыккан.

Бирок ошол окуядан кийин көп өтпөй Баткен облусунун жетекчиси, андан соң күч түзүмдөрүн тейлеген вице-премьер-министр болуп ташы жогору кулап, ити чөп жеген.

Дал ушул Разаков Баткендеги Ак-Сай айылындагы чек ара кызматынын аскердик күзөт вышкасын алдырып салып, тажиктердин талабын аткарган.

Кийин маалымат каражаттарында Разаковдун тажиктерге көп жан тартаары боюнча ачуу сын пикирлер арбын жазылды. Ал түгүл коомчулукта Разаковду кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабы дагы байма-бай айтылып келген.

Айтор, Разаковдун ишмердүүлүгүнө карата шектенүү күч. Баскан изин жакшылап казса, былыктары жетиштүү. Баткендеги чек ара маселесине байланыштуу көп сырды билет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости