www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын аягында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 1,3 миллиард долларга жеткенин Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлиги билдирди.

Белгиленгендей, 2023-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 2 миллиард долларга жеткирүү пландалууда.

Ошондой эле, 24-январда Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар министрлигинин башчысы Лазиз Кудратов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кыргыз Республикасынын Экономика министри Данияр Амангелдиев менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруунун этаптуу планына кол коюуга макулдашканы маалымдалган. Анда долбоордун ар бир этабын ишке ашыруунун конкреттүү мөөнөттөрү көрсөтүлөт.

Ошондой эле министрлер Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу маселесин карашты. «Керектүү документтерди кабыл алууну тездетүү жана техникалык-экономикалык документтерди иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишишди», - деп кошумчалады Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар министрлиги.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости