www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын “Ninety one” аттуу бойз–бэнди кыска аралыкта жаштардын жүрөгүнөн орун алды. Алардын “Айыптама”, “Кайтадан” аттуу клиптери дүйнөнүн 120 өлкөсүндө көрсөтүлүп, хит парадтардын эң алдыңкы орундуктарынын түшпөй келишүүдө. Топтун чыгармачылыгы Казакстандын ата мекендик шоу-бизнесинде өзгөчө жаңылык болуп, азыркы мезгилге чейин сынга кабылып келишүүдө. “Бул эмне топ? Курамы кандай? Кайдан акча табышат?” деген суроо сиздерде жаралса, анда төмөнгө көз чаптырыңыздар!
- “Ninety one” тобу 2014-жылы түзүлгөн.
- “Ninety one” кыргызча 91 санын билдирет.
- Топтун курамы: 'ALEM' Батырхан Маликов, 'ZaQ' Дулат Мухаметкалиев, 'A.Z' Азамат Зенкаев, 'BALA' Данияр Кулумшин, 'ACE' Азамат Ашмакын аттуу беш жигиттен турат.
- Топтун эң алгачкы ыры “Айыптама” аттуу 2015-жылдын 1-сентярь күнү жарыкка чыккан.
- Эң алгачкы “Айыптама” аттуу клиби 2015-жылдын 8-октябрында чыккан.
- Топтун солисттеринин курагы 17 жаштан 22 жашка чейин.
- Топ Q-pop (англ. Qazag-pop, казак поп), K-pop музыкалык жанрында ырдашат.
- Топтун продюсери- Казакстандын музыкалык “Орда” тобунун солисти Ерболат Беделхан.
- Чоң сахнага чыкканга чейин жигиттер 2 жыл даярданышкан.
- Жигиттер бирге жашашат. Күнүгө вокалдан, бийден сабак алып, спорт менен алектенишет.
- Тойго эч качан чыгышпайт. Элиталык кечелерде гана ырдашат.
- Топ каражатты чоң шаарларга стадиондорго койгон концерттерден, интернеттен табышат.
- Учурда Казакстанда №1 топ.
- Миллиондогон күйөрмандарынын көпчүлүгү мектеп окуучулары.
Ал эми эми биздин суроолорго кеңири топтун продюсери жооп кайтарды.
- Ерболат, бул долбоорго эмнеге жигиттерди тандадыңыз, акцент эмнеде?
- Мындай жигиттерди табуу абдан кыйын. Тандоо жабык жүргүзүлгөн. Менин чакан брендим топ тузүп жатканын укканда 50 адам келген. Албетте, биздин өлкөнүн менталитетине түшүнүү менен караганбыз. Балдар казак эстрадасынын жанрында иштешпейт. Бирок, бир нерсени айткым келет: менин маселем продюсер катары жигиттердин ата-энелерин ишендирүү болгон. Суроолор абдан көп жаралган. Акыры бири-бирибизди түшүнүшүп, иштешип калганбыз.
- Сиздердин эң алгачкы клипиңиздерге ата-энелердин реакциялары кандай болгон?
- Аларга жаккан. Ата-энелер көрүшкөн. Биз кандай өзгөрсөк да алар баарына көнүшкөн, кубаттап турушат. Мындай жанрдагы топ Казакстанда болгон эмес.
- Жигиттердин имиджи кандай болоорун кантип чечкенсиздер?
- Мунун баардыгын мен стилисттер менен иштеп, жигиттер менен кеңешип чечем. Мен аларга ар дайым биз бардык тарабыздан кесипкөй болушубуз керек дейм. Биз юрист же бухгалтер эмеспиз, биз-артистпиз. Бизди көргөндө дароо айырмалап турушу керек.
- Силердин образдагы сөйкөлөр жана түстүү чачтарчы?
- Биз кооз жасалгаларды колдонуп жаңылык кылганыбыз жок. Буга чейин батыштын ырчыларынан мындай жасалгаларды тагынып жүргөн ырчы жигиттерди, топторду көрүп келгенбиз. Алгачкы клип тартылганга чейин акырындык менен ата-энелерди көндүргөнбүз жана түшүндүргөнбүз. Сөйкө тагынуу, чачты боё бул коркунучтуу нерсе эмес.
- Кайсыл жактан кийинесиңер?
- Бардык жерден. Барахолкалардан тартып, кымбат дүкөндөргө чейин. Буйрутма менен тиктиребиз. Кийим табуу бизге маселе эмес.
- Сиздердин келишимде эмнелер жазылган? Катаал шарттар барбы?
- Бардык иште эки тараптын тең каалоосу жана шарттары болот. Биз өз келечегибизди курабыз. Эгер бизде баары жакшы болсо, анда биз бийиктиктерди багындырабыз. Келишимде эч кандай конкреттүү катаал нерсе жок, баары ишке гана байланыштуу. Күндө машыгуулар болот. Мен алардын алдына иштерди бөлүштүрүп берем. 21-кылымда жашаган ар бир адам иштегенди билүүсү керек. Казакстандагы адамдар артист болуу- абдан кыйын кесип экенин билишпейт.
Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg