www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Валерия- Орусиянын өзүнө туура кам көрө билип, жакшы каранып жүргөн, элеганттуу ырчы айымдардын бири. Мына ушул ырчы айым менен биз сулуулук темасынын айланасында маектешмекчибиз.

- Валерия, сиз үчүн түбөлүк курч маселе эмне болуп саналат?

- Картайгым келбейт, албетте. Бирок, мен курактагы айымдардан өзүмдү жаш бойдон алып жүргүм келет. Мен өзүмө тыкандык менен кам көрөм жана пластикалык хирургдардын жардамынан качам. Тамеки чекпейм, спирт ичимдиктерине тап такыр жокмун. Сулуулукту бир баланстагы тамактануу жана физикалык күчтөр гана кармап турат. Ар дайым спорт залга баш багып чуркап, туура тамактанганга аракет кылам. Мен үчүн түбөлүк маселе- картаюу.

- Йога менен да көп машыгасыз го...

- Ооба, туура баса белгиледиңиз. Гастролго чыксам да жаныма ар дайым йогага керектүү килемди жана буюмдарымды алып алам. Йога менен машыккан соң денемдеги жаман нерселердин баардыгынан арылгандай болом.

- Диета кармайсызбы?

- Менин келишимдүү дене түзүлүшүм табияттан берилген. Жакшынакай болуп жүрүү үчүн көп аракеттенем. Катуу талаптагы принциптерден чыкпайм, физикалык күч жумшайм жана дайыма позитивдүү маанайда болгонго аракет кылам. Мына ушунун баары мен үчүн диета. Ал эми бир эле нерсени жеп, эч нерсе жасабай диета кармап көргөн эмесмин.

- Кечинде тамактанасызбы?

- Кечки саат алтыдан соң мен тамак ичпейм. Тамак ичпегенге көнүп да калгам. Бул нерсе менин келишимдүү дене түзүлүшүмдүн дагы бир сыры деп эсептейм.

- Таттуу азыктарга кандайсыз?

- Таттууларды абдан жакшы көрөм. Өзгөчө кургатылган жана жөнөкөй жемиштерди, таттуу азыктарды, сырды сүйүп жейм. Акыркы күндөрү алмадан жасалган чипсыларды көп жечү болдум.

- Өзүңүздү тез убакыттын ичинде бир калыпка ээ кыла турган сырларыңыз барбы?

- Өзгөчө деле сыр жок. Болгону мен жакшы уктап эс алышым керек. Дем алуу күндөрү бетиме, колу-бутума, чачыма маска коюп, көк чайды көп ичем. Мына ошондо гана өзүмдү эң жакшы сезип калам.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости