www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында быйылкы жылдын биринчи кварталында инвестиция тартуу көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 165,6 пайызга өскөн. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын биринчи чейрегинде тышкы инвестициянын көлөмү кыйла жогору болду.

-Быйылкы жылы шаарыбызга жалпысынан 692,4 миллион сомдук инвестиция тартылды. Өткөн жылдын ушул мезгилинде тартылган инвестициянын көлөмү 418,2 миллион сом болгон. Демек, айырма 274,2 миллион сомду түзүүдө же 165,6 пайызга өсүш болду. Ал эми анын ичинен тартылган тышкы инвестициянын көлөмү 265,1 миллион сомго жетсе, өткөн жылы ушул мезгилде араң гана 1 миллион сом болгон. Демек, өсүш өтө жогору болду. Бул негизинен шаарыбыздагы суу долбоорунун ишке ашып жатышы менен байланыштуу. Ал долбоорду сырткы донорлор каржылап жатышат, - дейт ал.

Алынган маалыматтарга караганда, ички инвестициянын көлөмү да өткөн жылга салыштырмалуу азайган эмес. Мисалы, быйылкы биринчи чейректе 426,2 миллион сомдук инвестиция тартылса, өткөн жылдын ушул мезгилинде анын көлөмү 417,2 миллион сомго жеткен болчу. Демек, 102,2 пайыз өсүү болгон.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости