www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттигинде маекте Виктория Дайнеко. Былтыркы жыл Виктория үчүн эң маанилүү жылдардан болду: ырчы айым барабанчы Дмитрий Клейманга турмушка чыгып, көз жарды. “Жылдыздар фабрикасы 5” долбоорунун жеңүүчүсүнүн жолдошу менен жашоо канчалык кыйын турганын, жашоосундагы өзгөрүүлөрү жана дүйнөгө болгон көз карашы тууралуу бизге кеңири айтып берди.

- Вика, өтүп кеткен жыл сен үчүн кандай жылдардан болду. Той, кызыңдын жарыкка келиши... Булардын сенин жашооңдогу маанилүү жана бактылуу мүнөттөр деп атасак болобу?

- Ооба, ошондой деп атасак туура болот. Себеби, өткөн жыл менин жашоомду толугу менен өзгөртүп койду. Кыялдар орундалган керемет экен. Мен бактылуумун!

- Сен турмушка чыгууну кааларыңды эч качан жашырчу эмес элең. Дмитрий сенин мырзаң экенин качан түшүндүң?

- Бул түшүнүксүз сезим болду. Бирөө башыма катуу уруп мен өчүп, көзүм кайра ачылгандай эле болду. Диманын жанынан мен биринчиден тынчтыкты сездим. Ошондо гана ал меники экенин түшүндүм. Көп убакыт көз салып, ойлонуп жүрдүм. “Чалабы чалбайбы, сүйөбү сүйбөйбү, жазабы же жазбайбы?” деген суроолорду өзүмө көп бергем. Сүйүү- жан дүйнөнүн, толук гармониянын тынчтыгы экен. Азыр баары өз ордунда.

- Ал сени кантип багынтты?

- Чынын айтсам, билбейм. Чыгармачылыктан баштасак, Дима- эң мыкты барабанчы. Мага анын ар дайым инструменттерде ойногону жакчу. Кийинчерээк бирге кызматташып, ал өзүн мыкты аткаруучу экенин көрсөттү. Анан албетте абдан жагымдуу мырза экенине көңүл бургам.

- Буга чейин өзүңдү абдан кызганчаак айым экениңди айтып келгенсиң. Кызганычка эмне түрткү берет?

- Албетте, кызганчаакмын, баарынан жана баарын! Мен ата-энемди, досторумду, кызымды, күйөөмдү кызганам. Мунун баары сыртка чыкпайт. Айрым учурда аны өзүм сезип калам.

- Айымдар мырзаларды кызгантыш керекпи?

- Менин пикиримде, эч ким бирөөнүн жан дүйнөсүндөгү балансты башкара албайт. Эгер кызганса- жакшы, кызганбайбы- анда кереги жок.

- Үй-бүлөөлүк жашоо сени таң калтырдыбы же баары сен ойлогондой болдубу?

- Менин бир ырымда “экөө жашоо- эң жөнөкөй” деген сөз бар. Чынында Дима менен бирге жашоо мен үчүн абдан кыйын болду. Ага чейин өзүмө идеалдуу картинаны түзүп алгам. Бирок, андай болгон жок. Убакыттын өтүшү менен гана баарына көнүп, учурда бактылуу жашап жатам.

- Үйдө ким башчы?

- Моюнга алам, мен өзүмдүн линиям менен жолдошумду кууганды абдан жакшы көрөм. Ал эми чоң маселе чечүүдө рулду жолдошума берем.

- Тойдон кийин сен кандай өзгөрдүң?

- Өзгөргөн деле жокмун. Болгону паспортто гана жазуу пайда болду.

- Сен ачык кийимдер менен сүрөткө түшүп Instagramга жүктөйсүң. Сендей жаш энелердин мындай кылыктары үчүн сындагандар жок эмес. Буга кандай карайсың?

- Ар дайым сындачу, урушчу, көрө албаган адамдар табылат. Мен аларга таң бербейм. Өзүмдүн жашоом өзүмдө.

- Жеке жашооңдун өзгөрүшү чыгармачылыгыңа жаңылык киргизип жатабы?

- Позитивдүү ырларым көбөйүп калды, бул кубантат.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости