www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга белгилүү куудулдардын бири Тынар Курбаналиев саясый куудулдардын арасына кирет. Өткөн жылы Жогорку Кеңештин депутаты Мээрбек Мискенбаев парламентте куудулдарга сын айтып, Тынар мырза жана бир топ куудулдар менен тирешкени эсибизде. Андан кийин эле өздөрүн-өздөрү концерт коюп акча тапкан, үй-бүлөсүн ошол акча менен баккан, элге күлкү тартуулаган куудулдардын башына бийликтин кара булуту айланып, чагылган чар-чурс эте түшүп, аларга маданият борборлоруна концерт коюга тыюу салынган. 

-Чындыгын айтканда, ар бир саясый сатираны бийлик тарап туура кабыл алышы керек. Миң жакшымын деп кайсы чиновник актансанда кимдин-ким экенин эл өзү эле таразалап коет. Бийликтин мындай куудулдарга чейин тизгиндегени туура эмес. Алсак РФ президенти В.Путинди деле маңдайына коюп алып туурап атышат го. Биздин саясый сатираны туура кабыл алган ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев гана туура пикирин айткан. Кыргызда, “баш кесмек бар, тил кесмек жок” деп коет. Мындан ары да бийликке болгон ачуу сатиралар жарала берет жана айтыла берет,- деген пикирин билдирди NazarNews.kg маалымат агенттигине куудул Тынар Курбаналиев.

Булак: NazarNews.kg

Төмөндө Тынар Курбаналиевдин паспорттогу “улуту” “кыргыз” деп жаздырыш үчүн кийимин чечип салган күлкүлүү саясый сатирага күбө боло аласыздар;

Последние новости