www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ башка мамлекеттерде жасагандай эле Владимир Зеленскийди бат эле алмаштырып коё алат. Бул тууралуу геосаясат боюнча нидерланддык аналитик жана эксперт Йост Нимёллер билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эгер Вашингтон алардын колдоосун жоготкон лидерлерден кантип арылганын карайлы, мисалы, ошол эле Вьетнам согушун ала турган болсок, алар таш боордук менен лидерди тез эле алмаштырып салышат. Мындай нерсе Украинада дагы кайталанышы мүмкүн. Зеленский ага эмнени айтса ошону жасап жатат, бирок бир күнү Вашингтон аны баары бир алмаштырат", — деди адис РИА Новостиге.
Эксперттин пикири боюнча, жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр Россия менен АКШнын ортосунда жүрүшү керек. Мында Украина сүйлөшүүгө катыша албайт. Себеби Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель Минск келишимине аскердик кубаттуулугун күчөтүү үчүн Киевге убакыт утуп берүү үчүн гана кол коюлганын айткандан кийин Европа Москванын ишениминен чыгып калган деп түшүндүрдү Нимёллер.
Эми Россия сүйлөшүү столуна АКШ менен гана отурат. Киев чоң жоготууларга учурап жаткандыктан бул нерсе бат эле болушу мүмкүн.
"Аскердик план боюнча абал туңгуюкка кептелип, Украина алсырап калды", — деди эксперт.
Буга чейин РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров Владимир Зеленскийди Батыштын кол баласы деп атап, абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр Зеленский менен эмес, анын башчылары менен жүргүзүлөрүн айткан.
Булак: NazarNews.kg