www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика маселелери боюнча эксперт Эрнест Карыбековго карата чыккан бардык сот өкүмдөрү жокко чыгарылды, ага карата козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү. 3-февралда Жогорку сотто ушундай чечим чыкканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ишти башка судьялар карайт.

Ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо тууралуу өтүнүч менен Жогорку сотко Карыбековдун адвокаты кайрылган.

Эрнест Карыбеков саясатчылар Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров менен кошо 2016-жылдын март айында «бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен кармалган. Асанов менен Кадыров сегиз жылга, Карыбеков 14 жылга кесилген. Аларга байланышы бар деп кармалган мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

2019-жылы Жогорку сот Карыбековдун өтүнүчүн карап, жаза мөөнөтүн 14 жылдан 11 жылга түшүргөн, кийин ал жатак абакка которулган. Кадыров менен Асановдун жаза мөөнөтү жаңы мыйзамдарга ылайык каралып, алар шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышкан.

2020-жылдын октябрында «Саясий туткундарды коргоо комитети» ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда анын режимине каршы чыккан саясатчыларга куугунтук болуп, түрмөгө камалганын белгилешкен. Куугунтукка кабылды дегендердин арасында Карыбековдун да аты аталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости