www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин баары ойлогондон алда канча жакшы адам. Аны Гитлер же Сталин менен салыштыруу бул акылсыздык. Мындай пикирин канадалык эксперт Жордан Питерсон Sky News каналына берген маегинде билдирди.

“Мен мындай дооматтарга эч кандай далил көргөн жокмун. Келе жаткан кышта көрөбүз. Жеке мен Путиндин ордунда болсом, мындай кылмакмын: биринчи кыш мезгилин күтүп, анан газды өчүрөт элем. Путин да ошондой кылаарына ишенем. Ал Батышка техникалык тейлөө көйгөйлөрүн чечүү зарылчылыгы тууралуу билдирүүлөр менен эскертүү берип, андан соң мунай өткөрүүчү түтүктөрдү иштетүүнү токтоткон.

Путин эгер керек болсо, Украинага өзөктүк курал колдонот. Бирок, үчүнчү дүйнөлүк согушту тутандырбайт. Анткени биз жооп бербейбиз? Анан буга биздин эч кандай тиешебиз жок.

Украина Киевдин бир да сантиметрин бербей коюуга чечкиндүү. Ооба, бул түшүнүктүү. Бул тууралуу айтууга менин укугум жок, анткени тынчтык үчүн кандай өбөлгөлөр болушу мүмкүн экенин билбейм. Бирок менин билгеним, орустар кандайдыр бир жол менен утулуп калышы мүмкүн, “биз жеңе алабыз” деген сөздөр жөн гана аңкоолук. Мен суроонун өзүн түшүнбөйм. Анда кантип "биз жеңебиз”? Бул кырдаалда биз эмнеге ээ боло алабыз? Мисалы, орустар чегинип, урандылар гана калса биз жеңебиз деп жатышат. Бул кандай жеңиш? Путин бир жолун табат деп ойлойм.

Биз Владимир Путинди эч качан жеңе албайбыз. Анткени,  “жок” деп айта албагандан кийин, жеңе албайбыз. Биз Путинге планетаны сактоо контекстинде моралдык статусту сактоо үчүн мунай жана газдын ордуна жаныбызды саттык, ошон үчүн биз ага “жок” деп айта албайбыз”,-деди канадалык эксперт.

Эске сала кетсек, 2022-жылы 24-февралында Россия Федерациясы Украинага каршы атайын аскердик операциясын баштаган. Буга Украинанын президенти Владимир Зеленский каршы туруп, ага АКШ жана бир нече Батыш өлкөлөрү колдоо көрсөтүп, миллиарддаган долларларга курал жарак жеткиришүүдө. 
Россия конфликтти жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөргө даяр экенин бир нече ирет билдирген. Бирок Киев ага мыйзам менен тыюу салып койгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости