www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Куралдуу Күчтөрүнүн экс-чалгындоочусу Риттер НАТОдогулардын Зеленскийге болгон тымызын жек көрүүсүн айтты.
U.S. Tour of Duty каналынын эфиринде экс-чалгынчы Скотт Риттер баяндагандай «Владимир Зеленскийдин Украинаны НАТОго кабыл алуу боюнча үмүтү бүдөмүк, анткени Батыш аны сыйлабайт жана керек болсо тымызын жек көрөт».
«Эч убакта Украина НАТОнун мүчөсү боло албасын ал эмдигиче түшүнбөйбү?-деди ал. Эч убакта!»-деп жыйынтыктады оюн Риттер.
Мурдагы чалгынчынын оюнда Зеленскийдин альянска мүчө боло албасын кыялында гана элестеткенден тышкары Батыш өлкөлөрүнүн ага болгон чыныгы мамилесин да түшүнө албайт.
«Зеленский, алар сени жек көрүшөт. Аны кандай түшүнсө болот? Алар сени өз элиңди өлүмгө жетелеп барышыңа шарт түзүүдө. Сен аларга жакпайсың. Алар сени сыйлашпайт. Алар сени пайдаланышууда»-деди ал.
Ушундай жообу менен ал Зеленскийдин НАТОго толук кандуу кирүү алдындагы коопсуздук кепилдигин талап кылуусуна жооп берди.
2022-жылдын сентябрь айынын соңунда Зеленский «Украина НАТОго тездетилген тартипте кирүү үчүн арыз бергендигин» айткан.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг буга чейин «Украинанын альянска кирүүсү реалдуу экендигин» белгилегени менен 11-12-июлдагы НАТОнун Вильнюстагы саммитине Киев расмий чакырыла тургандыгын же чакырылбай тургандыгын айткан эмес.
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Зеленскийдин Украинаны НАТОго киргизүү жөнүндөгү өтүнүчүн жана ага болуп жаткан реакцияларды уккандыгын, Москва бул боюнча кырдаалга тыкыр көз салып турушкандыгын» билдирди. Себеби, Киевдин альянска кирүү демилгесинен улам Россиянын Украинага болгон атайын операциясы башталган.
Нур АМАН
Булак: NazarNews.kg