www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядагы жер титирөөлөр 500 атомдук бомбанын жарылуусуна барабар экенин өзгөчө кырдаалдар департаментинин тобокелдиктерди азайтуу бөлүмүнүн башкы директору Орхан Татар билдиргенин РИА Новости жазды.

"Биз күткөндөн да алда канча ири катастрофага туш болдук. 6-февралда болгон эки жер титирөөнү талдап жатабыз. Биринчи жер титирөөнүн узактыгы 65 секунд болуп, кыйратуучу таасирин тийгизди. Экинчи жер титирөө 45 секундага уланып, ал дагы кыйратуучу таасир берди", - деди. 

Орхан Татардын айтымында, аймак эки мүнөттөй титиреп турган.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондор 23 миңден, жабыркагандар 80 миңден ашты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости