www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Көл кичи ГЭСин ким курары белгилүү болду

Кара-Көл кичи ГЭСин "Демир Кыргыз Интернешнл Банк" (ДемирБанк) жабык акционердик коомунун жетекчилиги чет элдик инвестор менен биргеликте курууну каалайт. Бул тууралуу инвестициялык форумдун жыйынында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Дүйнөлүк банкты инвестор кылуу пландалган. Бирок долбоорду ратификациялоо процесси бир топ убакытты талап кылмак.

"Өз кезегинде банктын башкармалыгы жана чет элдик инвестор чакан ГЭСтин курулушун 1,5-2 жылда бүтүрүүнү пландаштырууда", - деди ал.

Эскерте кетсек, мындан мурда Энергетика министрлиги Кара-Суу дарыясына кичи ГЭС курууга сынак жарыялоого даяр экенин билдирген.

Маалымат үчүн: Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Суу дарыясында Каракөл ГЭСин куруу пландалууда. Бул дарыя Нарын дарыясынын сол жээгиндеги куймасы. Ал Токтогул ГЭСинин ылдыйкы агымы менен кошулган куйма тилкесинде жайгашкан.

Каракөл ГЭСинин курулушу 25 млн АКШ долларына бааланган. Долбоордук кубаттуулугу 18 МВт. Жылдык орточо өндүрүш 110 млн кВт/саат деп бааланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости