www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Акыркы мезгилдерде дүйнөлүк аренада “экстремизм” деген сөз тарап, экстремисттер бул ислам динин туткандар деген сөз конок алууда. Москванын жана бардык Орустун патриархы Кирилл Страсбургда жаңы ачылган православдар чиркөөсүн ачып жатып, ошол эле ачылышка катышып жаткан католиктердин епискобунун алдында: “Биз христиандар...” –дегени сөзүн угуп жаткан христиан эместердин жүрөгүн муздатты. Улуу диндер христианчылык да, ислам да Азиядагы семит элдеринен чыккан. Бирок, тарыхтын жазмыштарынан улам, христианчылыкты ак расадагы Европа элдери, алардан башка континенттерге оогон. Ал эми исламда болсо  монголоид  расасындагылар басымдуулук кылат. Бүгүнкү күнү дүйнөлүк ири державалар АКШ, Европа мамлекеттери, Орусия христианчылыктын католик, православ, протестант деген үч багытындагы динге басым жасагандар. Булардын ортосунда да келишпес айыгышуулар бар. Бирок, бул ири багыттар кээ бир учурда бириге калышып, башка диндерди басмырттаган учурлар көп эле кездешет.  Көп жерлерде ислам динин туткандарга жана башка майда диндерди кармагандарды экинчи сорттогу адамдар катары мамиле кылышат.

Ушундай оор кырдаалдан улам, түшүнбөгөн адамдар ислам динин туу туткандарды “экстремисттер” деп атап коюп жатат. Ислам дини таза жана дүйнөлүк акыркы дин. Исламда төрт чоң мазхаб бар, алардын бири ханафий мазхабын Борбор Азия элдери кармайт. Кээ бирлер  “мазхаб” деп койсо эле арабдын сөзүн туу туткан “кул” деп айткандар үчүн. “Ханафий мазхабы” – салттуу исламды туюнтат. Башмыйзам боюнча Кыргызстан светтик мамлекет, дин мамлекеттен ажыраган. Арийне, сөз эркиндиги сыяктуу эле, дин эркиндиги да бар. Калкынын көпчүлүгү 80 пайыздайы мусулман Кыргызстан салттуу исламга басым жасаган. Биз ислам дини менен катар, жалпы ата-бабабыздан келаткан каада-салттарды колдонобуз.

Ислам дини качан элибизге келген, ушул критерийлер да бир топ маселелерди туюнтат.  Азыркы Кыргызстандын аймагында караханиддер жашаган Сатык бий башында турган бул мамлекет  960-жылы ислам динин мамлекеттик дин деп жарыялашкан. Айтмакчы, Киев Русу 988-жылы христианчылыкты мамлекеттик дин деп жарыялаган. Ошондуктан, ислам дини дин катары калкыбыздын кээ бир бөлүгүнүн жан-дүйнөсүнө сиңип калган. Анткени, кошуна Өзбекстандын аймагына араб халифтери сегизинчи кылымда эле ислам динин таратышкан. Азыркы Өзбекстан аймагында Македонскийден калган грек, араб халифатынан калган араб,ошол аймакты жердеген перс, сарт, карлук, кыпчак сыяктуу токсон боолуу эл болгон. Өзбек деген наам 1380-жылдан  Өзбек хан басып алган соң айтыла баштаган.Тагдырдын жазмышы менен Энесайдан ооп келген кыргыздардын бийи Тагай ислам 1510-жылдары  исламга өтүп Мухаммед деген ысым алган. Тагай бийдин чөйрөсү, тукумдары  эсептелген Чүй, Нарын, Ысык-Көлдө ислам дининин тароо процесси жай өнүгүп келатып, атеисттик социалисттик коомдо динге тыюу салынып калган.

Ислам динине каршы коюлган карама-каршылык, бүгүн дүйнөдө “экстремисттерди” жаратты. “Экстремисттер”-деген ким:

1. Мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүп, “халифаттын” негизинде диний жаңы мамлекет түзгүсү келгендер.

2. Террорчулар, өздөрүнүн жанын кыйып, террорго баргандар.

Экстремисттердин  негизинде ислам динине кара көлөкө түшүп жатат. Ислам динин жайылтуу керек, бирок ислам динине жамынып алышып, коомчулукка коркунуч туудурган экстремисттик-террорчулук топтор да бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-майда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана чек арачылардын күнүнө карата болгон салтанаттуу иш-чарада динге жамынып алышкан экстремисттик агымдар көбөйүп баратканы тууралуу белгилеп өттү.

Булак: “Назарньюс”

Последние новости