www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга азырынча келбей турган болду. Бул тууралуу анын жардамчысы билдиргенин Кыргызстан футболдук союзунун (КФС) президенти Канатбек Маматов билдирди.

Анын айтымында, FIFA башчысынын бул кадамына Кыргызстандагы эпидемиялык абал себеп болгон.

"Швейцариянын Федералдык саламаттык мекемесинин (Ички иштер министрлигинин бөлүмү) кооптуулук бар деген мамлекеттердин тизмесинде Кыргызстан да бар экен. Инфантинонун жардамчысы бизге чалып, бул абалга байкоо салып турганын, Кыргызстан тизмеден чыгары менен маселе күн тартибине коюларын айтты", — деди Канатбек Маматов.

Белгилей кетсек, Инфантино 10 күн мурда КФС президенти Маматов менен болгон онлайн-конференция учурунда Кыргызстанга келем деген убадасына туруп, аба каттамдары жанданса ишке ашырарын айткан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости