www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Аынын айтымында, туризм тармагы аз убакыт ичинде көп нерсеге жетүүгө аракет жасаган, ал бар кезде башталган иштер улана берет.

"Кызматтан кетүүгө өз каалоом менен арыз жаздым, кетүүгө убакыт келди, андан ары жылышыбыз керек. Мен иштеп жаткан эки жылга жетпеген убакытта башка мамлекеттик органдар жана өнөктөштөр менен мүмкүнчүлүктүн аздыгына карабай, көп нерсени кылууга аракеттендик. Мен бар кезде башталган долбоорлор мындан ары да уланат деп ишенем", — деди Дамир уулу.

Эске салсак, Дамир уулу бул кызматка 2018-жылы ноябрь айында дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости