www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Арслан Малиев эч кандай шарттын жогунан иштөөгө мүмкүн болбой жатканын айтып, бүгүнкү 1-февралда болгон парламенттин жыйынында төрага Нурлан Шакиевге даттанды.

Эл өкүлү депутат болуп келгенине бир жылдан ашса дагы, компьютер, принтери жок экенине нааразы болуп, ага эч ким көңүл бурбаганына кейиди.

Ырасында, депутаттарга тең мамиле болуш керек эле. Малиевди наалытпай башкаларга түзгөн шартты түзүп берүүгө эмне тоскоол болуп жатты экен?

Бийликти сындап айлансын кетирип жаткан кеп жебеген оппозиция болсо бир жөн. Бары-жогу билинбей, суудан тайыз, чөптөн жапыз тынч жүрөт го.

Арслан мырза дагы кызык, бир жылдан бери жалдырап, наалып жүрө бербестен, өзү эле шарт түзүп алса болмок. Колунда жок эмес...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости