www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунда губернатор болуп, үч жыл иштеп ошол кезде спикер Дастан Жумабековдун көзүнүн агы менен тең айланып турган Марат Мураталиев учурда "Ишеним" партиясынан депутат.
Жасалма диплом боюнча УКМКнын текшерүү шоусу Орозайым Нарматованын мандатын алуу менен токтоп калды. Натыйжада, Жогорку Кеңештин 3-4 депутаты тандалма, жасалма саясатын аркасында мандатынан ажыратылган жок.
Фархад Исмаилов сыяктуу айрым депутаттардын маселеси Борбордук шайлоо комиссиясына жеткен менен тоңуп, каралбай турат.
Дал ушундай диплому жасалма, шектүү деген эл өкүлдөрүнүн бири катары Марат Мураталиевдин дагы ысымы аталып келе жатат. Өзү деле өмүр баянында болгону эки жылдык Фрунзе кооператив техникумун аяктаганын көрсөткөн. Демек, жогорку билими жок.
БШК киргизген талапка ылайык жогорку билими болууга тийиш эле. Башка жогору билими боюнча маалымат жок. Болсо курсташтарынын, же группалаштарынын дайыны билинбейт. Ошондой кызык жагдай. Өң карама саясатың курусун...
Булак: NazarNews.kg