www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанды “социалдык мамлекет” деп атаганга эч кандай обьективдүү экономикалык, социалдык мүмкүнчүлүктөр жок. Мындай пикирин журналист Мирлан Дүйшөнбаев билдирди.
"Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуштары айтылып, анда Кыргызстандын социалдык мамлекет экендиги тууралуу да сөз болду. Баш мыйзамдын 1-беренесинде “Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) – көз карандысыз, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет” деп жазылган. Ушундан улам Кыргызстан канчалык деңгээлде социалдык мамлекет деген суроо пайда болбой койбойт.
Жаныбыздагы Кытайда орточо пенсия биздин акча менен алганда 42,5 миң сом. Кытай өкмөтү пенсияларды, жөлөк пулдарды инфляцияга жараша күнүнө индексациялап, айдын аягында берип турат. Социалдык жактан аяр катмардагылардын күн сайын социалдык жактан коргоо саясаты дүйнөдөгү өлкөлөрдүн биринде да жок.
Биздин Конституциядагы "социалдык мамлекет" деген норма Убактылуу өкмөттөгүлөр тарабынын киргизилген. Алар анын чыныгы маанисин өздөрү деле түшүнбөй киргизип койгондой таасир жаралат. Ошондон бери ал норма Баш мыйзамдын улам кийинки жаңы редакцияларына киргизилип келатат. Бирок, ачыгын айтканда Кыргызстандын азыр өзүн “социалдык мамлекет” деп атаганга эч кандай обьективдүү экономикалык, социалдык мүмкүнчүлүктөрү жок. Азыр Кытай эмес, АКШ дагы азырынча өзүн социалдык мамлекет деп атабайт. Азырынча чыныгы социалдык мамлекеттерге Скандинавия мамлекеттери, Кувейт, Катар сыяктуу бир катар араб өлкөлөрү гана кирет. Социалдык мамлекет дегендин мааниси - адам иштебесе же иштегиси келбесе (скандинавия өлкөлөрүндө акыл эси, алты саны соо туруп өмүр бою жөлөк пулдар менен жашагандар бар) да социалдык минимумдардан төмөн эмес деңгээлде жашоосу керек дегенди билдирет. Ага бизде реалдуу мүмкүнчүлүк барбы? Жакынкы чейрек кылымда да болушу кыйын. Анда эмнеге аны Баш мыйзамдын биринчи беренесине киргизишкен? Жөн эле кооздук үчүнбү???", - деди Мирлан Дүйшөнбаев.
Булак: NazarNews.kg