www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттү отставкага кетирүү боюнча "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын сунушун колдогон жок. Тагыраагы, өкмөттү отставкага кетирүү сунушуна 48 депутат каршы чыкса, 9у "макул" деп добуш берди.

Эске салсак, аталган фракция 27-апрель күнү министрлер кабинетинин курамын толугу менен кетирүүнү сунуштаган. Буга өкмөттүн Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүн — 2023-жылдын 1-январынан баштап эң төмөнкү пенсия, пособие жашоо минимумунан кем болбосун деген норманы аткарбаганы себеп болгон.

Ал эми добуш берүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, Айгүл Айдарова, Адахан Мадумаров, Арсланбек Малиев, Исхак Масалиев, Нурлан Ражабалиев, Максатбек Сарбагышев, Эмил Токтошев, Бактыбек Чойбеков, Алишер Эрбаев каршы добуш берген.

 

Последние новости