www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл Акылбек Жапаровдун көзбоёмоочулук манипуляцияларынан тажап бүттү. Ар бир реформасы, айткан сөздөрү кылган ишине төп келбейт.  Мына, "Көчмөндөр мурасы" энергохолдинг, "Кыргызиндустрия" ишканасы, "Туризм фонду" миллиарддаган каражатты кумга сиңген суудай жок кылышты. Өлкө бюджетине киреше эмес, олчойгон зыян келди. 

Казинону ачканга уруксаат берсеңер, казынага бери жагы 2 миллиард сом түшөт деди эле. Анысы дагы жалган болуп чыкты. 

25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар казино, букмекердик оюнканаларды иштетүүгө уруксат лицензиясын берүүдөн бюджетке канча каражат түшкөнүнө кызыгып суроо салышты эле, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаровдун маалыматы боюнча бюджетке болгону 126 млн сом түшүптүр. Мына жыйынтык.

Ошол эле кезде, бизнеске болгон салыктык басым, кысымдан улам эки жылдан бери тышка чыккан капиталдын көлөмү рекорддук суммага жеткен. Бизнесин сыртка чыгарып кеткендер дагы көбөйгөн. Жапаровдун өлкөгө кылган пайдасы ушул...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости