www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы убактарда социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу Улуттук банктын атынан финансылык жардам сунуштап, жалган билдирүүлөрдү тараткан алдамчылар кездешип жатат.

Улуттук банктан билдиришкендей, бул ирет белгилүү телеканалдардын биринин видеосун монтаждап, Кыргызстандын Улуттук банкы жана Азербайжан Борбордук банктары биргеликте “Адал айлык” долбоору аркылуу пайда көрүүгө болорун жарандарга билдирип, жалган маалымат таратып, шилтемеге кирүү сунушталган. Анын натыйжасында шилтемеге кирген жарандар жеке банктык маалыматтарын алдамчылардын колуна өткөрүп берүү коркунучу турат.

"Бул алдамчылык аракеттердин бир түрү. Анын максаты сиздин жеке маалыматыңызга ээлик кылуу болуп саналат. Мындай жол менен жарандар эсебиндеги акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар", - деп эскертишти Улуттук банктан.

Өлкөнүн башкы банкы эч убакта жеке маалыматты, картанын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербөө керектигин эскертет.

Ошондой эле Улуттук банк жарандарды текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбөөгө, ал жакка жеке маалыматтарды жана картанын реквизиттерин жазбоого чакырат

Последние новости