www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова "K-Water" Корей Суу Корпорациясынын президент Пак Дже-Хён мырза баш болгон делегациясы менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын гидроэнергетика, суу менен камсыздоо жаатында жана башка тармактардын алкагында кызматташууга кызыкдар экендигин билдирдим. 

Өз кезегинде Пак Дже-Хён мырза, Корея Суу Корпорациясы учурда Кыргызстандын потенциалын жана жогоруда аталган багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттарын изилдеп жаткандыгын айтты.

Ошондой эле Ысык-Көл облусун өнүктүрүүнүн башкы планын жана Чүй дарыясында чакан ГЭСтерди өнүктүрүү планын иштеп чыгуу боюнча гранттык долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле суу ресурстар жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун талкуулаштык, - деди Аида Исмаилова.

Эске сала кетсек, “K-Water” суу ресурстарын комплекстүү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик корпорация болуп саналат жана Түштүк Кореяны коомдук жана өндүрүштүк суу менен камсыз кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости