www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай жумуш, окуу жана туристтик визаларды берүүнү жеңилдетет. Бул тууралуу “Zamon.uz” өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып билдирди.

«Биз Кытайга өндүрүштүк ишмердүүлүгүн улантуу, иш сапары, окуу, туугандарына же үй-бүлөсү менен жолугушуу максатында келүүнү пландаган чет элдик жарандарга виза берүү процессин жеңилдетип жатабыз», — деп айтылат министрликтин сайтында.

Виза берүүнүн жол-жобосун жеңилдетүү менен бирге мамлекеттик чек арадан өтүү да жөнөкөйлөштүрүлөөрү такталган. Ошондой эле пандемияга чейинки жүк ташуу тарифин калыбына келтирүү пландалууда.

Өкмөт эл аралык туристтердин агымын акырындык менен көбөйтүүнү каалайт.

Декабрдын башында Кытай коронавирус чектөөлөрүн жеңилдеткен. Андан кийин өлкөдө COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны өскөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости