www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Сергей Лавровдун айтымында, Пентагондогу айрым аткаминерлер Кремлге сокку урабыз деп коркутушкан. Бул Орусиянын президентин физикалык жактан жок кылууну билдирет, деди дипломат. Бул тууралуу zamon.uz сайты жазып чыкты.
"Вашингтон алдыда баратат: ал жактагы кээ бир "аты аталбаган" адамдар Кремлге сокку урабыз деп коркутушкан, бул Орусиянын мамлекет башчысын физикалык жактан жок кылууну билдирет. Эгер чындап эле ушундай пландар каралып жатса, ким муну ойлосо анын кесепеттери жөнүндө жакшылап ойлонушу керек», - деди министр.
Мындан тышкары, Лавров Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияга ядролук сокку уруу боюнча НАТО менен алдын-ала макулдашканын билдирди. Дипломаттын айтымында, өзөктүк согушта жеңүүчү жок жана ал эч качан башталбашы керек.
Россия Федерациясынын башкы дипломаты Киевди АКШ менен НАТОнун башка мүчөлөрүн чыр-чатакка сүйрөө аракети үчүн айыптады.