www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Париждеги Елисей сарайында президенти Эммануэль Макронго ишеним кагаздарын тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлады.

Иш-чарага Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, президенттин дипломатиялык кеңешчиси Бонн катышкан.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Макрон 2021-жылдын 2-ноябрында Глазго шаарында өткөн Дүйнөлүк лидерлердин саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолукканын, кызматташтыкты эки тараптуу жана Борбордук Азия — Франция аймактык форматында өнүктүрүүнү белгиледи", — деп айтылган маалыматта.

Элчи Садык Шер-Нияз Жапаровдун атынан жылуу каалоо-тилектерин айткан. Анын Францияга жакынкы келечекте жасалышы мүмкүн деген сапары боюнча жүрүп жаткан иштерден маалымат берген.

Кыргыз элчиси Франция менен ар тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө КРдин тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналаарын айтты.

"Макрон Кыргызстандын президентине өзүнүн саламын жана жеке каалоолорун айтып, элчиге эки дос мамлекеттин мамилесинин өнүгүшү ийгиликтүү болушун каалады", — дешти ТИМден.

Садык Шер-Нияз келерки жылы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө пландалып, анын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу максатында бир топ иш-чаралар өткөрүлөрүн кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости