www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эли - Медеткан Шеримкуловичке таазим этишибиз керек эле. Мындай пикирди Элдар Аттокуров өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Өзгөчө окуя. Саат 14:58де «Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгү боюнча Декларацияны» кабыл алып кол койгон Медеткан Шеримкулович телефон чалып мени куттуктады. Тескерисинче биз Кыргыз эли - Медеткан Шеримкуловичке таазим этишибиз керек эле! Ыракмат Медеткан ата. Эгер сиз жаштардан учкун көрсөңүз, биздин замандын Бакай атасындай кыраакы жана акылман адамы экенсиз. Анткени, ошол Октябрь күндөрүндө мен жалгыз эмес элем. Мага окшогон миңдеген жаштар чыккан. Мен болгону Өкмөт үйүндөгү Мамлекеттик маанилүү документтерди 5 күн сактап, мамлекеттик өтө оор жүктү мойнуна алган Президентибиз Садыр Жапаровдун командасындагы жаңы Өкмөт жетекчисине өткөрүп бергем. Албетте, азыр Ажобузга жеңил учур эмес! Ошол 5 күнү «жегеним желим, ичкеним ириң» болуп – оор жүк мойнумда турган. 1991-жылдын 31-августундагы башында сиз туруп кабыл алган - Эгемендүүлүк боюнча чечимди колдон чыгарбай сактап калуу биздин парз эле. Кудайым ал күндөрдү башка салбасын! сиздей болуп Мамлекетибиздин оор тагдырына, легитимдүүлүгү тууралуу оор маселеге баш бактым. Ошол үчүн сизди түбөлүк сыйлайбыз жана урматтайбыз. Биз сизди ар дайым биздин ажобуз Садыр Нургожоевичтин жанынан көргүбүз келет. Анткени, Мамлекеттүүлүк Декларациясына кол койгон сиздей асыл адам, Ажобузга ар дайым калыс кебин айткан - Бакай атабыздай акылман, аруу-таза, даанышмандык кеңешин берет деген ишеничтебиз! Узак жашап Ажобуздун жанында, жалпы кыргыз элинин төрүндө отуруп узак жашаңыз, Медеткан Шеримкулович!», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости