www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-май күнү Астана шаарында өткөн Жеңиш парадына 90 жаштагы Эмгектин ардагери, нейрохирург, Казакстандын эмгек сиңирген дарыгери Теңдик Изаковдун кире албай калганы социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты.
Казакстандык жарандар бул көрүнүштү олутуу нараазычылык менен кабыл алып, жергиликтүү бийликти күнөөлөп, аскер кызматкерин талкууга алышууда.
Парадка кире албай калган 90 жаштагы ата: "Балам, такси шакырып бер үйгө дейин онда" деген сөзү көпчүлүктүн жүрөгүн ооруткан.
Жергиликтүү бийлик бул көрүнүшкө төмөнкүчө жооп берген.
"Мындай иш-чаралар алдын-ала регламентке ылайык жүргүзүлөт. Тилекке каршы, Теңдик Изаковго аккредитация берилбей калган. Бул - жергиликтүү аткаруучу бийлик тарабынан кеткен каталык болуусу мүмкүн", - деген Кожаев.
Жергиликтүү бийликтин кенебеген бул жообуна социалдык тармактын колдонуучуларын кыжырдантты.
"Блогер сымалдарды киргизгенче, мындай кишилерди эмнеге киргизбейт", Жүрөгүм ата үчүн ооруп жатат", "Атау, биздин урпактарды кечире көр", Көзүмө жаша келип турат, уят болду,
"Уят, Казакстан", "Блогерлер, Кудай сактасын согуш болсо камерасын ылактырып качат", "Майрам ушул кишилердики эле, өзү саналуу эле жашы калган го", "Мүмкүн атанын акыркы майрамы", "Келерки жылы майрамга аман кайтсын, тилек кылалы", деп жазышууда желе колдонуучулар.
Жогорку окуядан кийин Астана акимдиги ардагерден кечирим сураган.
Эске сала кетсек, Жеңиш парадына кире албай калган казакстандык Теңдик Изаков алгачкы нейрохирург. Азыр ал 97 жашта.
Баса, мындай окуя Кыргызстанда орун алса КР Президенти Садыр Жапаров токтоосуз чара көрүп, кыйласын кызматтан алмак. Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев болуп өткөн окуяга кандай чара көрөт күтө туралы.