www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Facebook социалдык тармактагы баракчасына мамалекеттеги жүрүп жаткан иштери жана ата-энеси тууралуу эскерүү жазып, “Ар бириңерге айтаарым: ата-энеңер тирүү кезде көңүл буруп калгыла” деген пикирин калтырды.
Ала-Арчада жүрүп бир нерсени байкадым. Ата-энемди эстедим…
Бүгүн бир нерсени байкадым. Акыркы убакта биздин эл эс алууну үйрөнө баштады. Баягыдай эле иштеп, шашып, чарчап жашаган эмес — эми кээде тоого чыгып, көлгө барып, үй-бүлөсү менен убакыт өткөрүп жатышат. Айрымдары чет жакка чыгып келишет. Ички туризм да акырындан жанданып жатат. Бул – чоң кубаныч.
Эмне үчүн кубаныч? Себеби, мындай көрүнүш мурда жок болчу. Советтер Союзу урагандан кийинки жылдары элге туризм түгүл, жашоо да оор болду. Эл тиричиликтин күйүтү менен жүрдү. “Эс алам” деген ой да келбеген учурлар көп болду.
Эми болсо… убакыт өзгөрдү. Эл өзгөрдү. Жашоо да өзгөрүп баратат. Жана эл өзү да түшүнө баштады — ден соолукка, жан дүйнөгө кам көрүү керек экенин. Мен буга чын дилимден сүйүнөм.
Ала-Арчада жүрүп, бир туугандар ата-энесин эс алдырып, сыйлап жүргөн учурга туш болдум. Чынында кубандым. Колдон келип турганда ата-эненин кадырына жетишибиз керек.
Менин ата-энем азыр жанымда эмес. Атамды жаш кезде жоготком, апам беш жыл мурун өтүп кетти. Азыр ойлосом, баарын бермекмин – болгону дагы бир жолу алар менен эс алып келүү үчүн. Ошондуктан, ар бириңерге айтаарым: ата-энеңер тирүү кезде көңүл буруп калгыла.
Бүгүн “Ала-Арча” жаратылыш паркына Президент Садыр Жапаров өзү келип кетти. Протокол менен эмес. Өзү эле, күтүүсүз. Кайсы жерде эмне болуп жатат – баарына көз салып турат. Президент дайыма эле ушинтип жүрөт. Ар кайсы аймакты өзү көрүп чыгат, эл менен сүйлөшөт. Ал чын жүрөгү менен өлкөнү жакшы жагына өзгөрткүсү келип жатат – биз муну көрүп жатабыз, сезип жатабыз.
Ал киши чоң нерселер жөнүндө ойлойт. Курорттор, санаторийлер, эс алуучу жайлар – бул ошол чоң ойдун бир бөлүгү гана. Ал бүтүндөй өлкөнү өзгөрткүсү келет жана өзгөртүп жатат.
Мен да бул кызматта туруп, жөн эле күн өткөргүм келбейт. Президенттин тапшырмаларын, ишенимин актап, элге пайдасы тие турган иштерди жасагым келет. Азыр мүмкүнчүлүк бар кезде, иштеп турган учурда – колдон келишинче жакшы нерсе калтырсак деген тилек.
Буйруса, Президентибиздин демилгеси менен дагы көп иштер жасалганы турат. Салынган объектилер, оңдоп-түзөөдөн өткөн жайлар элге калат. Мамлекеттин мүлкү, бул – элдин мүлкү.
Курулган жана оңдолгон жайлар элге ыңгайлуулук жаратат жана туризмдин өнүгүшүнө салым кошуп, өлкө казынасына пайда алып келет. Биз дал ошол багытта иштеп жатабыз.
Бул жашоо – кыска. Бирок жакшы из калтыруу мүмкүн, - деп жазган Каныбек Туманбаев.