www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдин маанайы суз. Садыр Жапаров Баткенде

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда Баткен облусуна барганы айтылууда. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады.

Баткен облусуна болгон иш сапарында Садыр Жапаров медицина академиясынын курулушуна капсула салат.

Белгилей кетсек, академияны курууга тендерди А. Буркановдун иниси утуп алган.

Өздүк булактардын маалыматына таянсак, Президенттин Баткен облусуна барышына элдин кубануу сезими жок экенин айтышууда. Элдин маанайына Жогорку Кеңештин кумаркана боюнча кабыл алган мыйзамы жана чечилбеген чек ара маселеси себеп. Кыргызстанга кумаркана ачууну өкмөт жана президент сунуш кылган.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.

Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болду. Беш депутат добуш берген жок.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду. 

Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости