www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадимки эле кызгалдактын ден-соолукка пайдасы

Кызгалдактын сабагын, жалбырагын оруп алып, көлөкөгө кургатып, кайнатып, анан сууга кайнатып башты жууса, шакыйна айыгат, какач кетет.

Тамырын таза жууп, майдалап кыркып 1 литр идишке жарымдай салып, үстүнө толук арак куюп, капкагын жаап, кара пакетке ороп, жылуу жерге 20 күн коюп койот.

Бир күндө эки маал бетти кир самын менен аябай таза жууп, кургатат. Бетке ушул тунмадан сүртөт. Бир сааттан кийин тузу жок сүзмөнү бетке сүртөт. Сүзмө кургаганда беттеги сүзмөнү кол менен ушалап салат. Беттеги так, сепкил кетет.

Уругун алып жанчып 1 чай кашык алып, 200 гр балга аралаштырып, 1 күндө 3 жолу 1 чай кашыктан жесе:

Намашам көргө (шамда, карангыда көзү көрбөй калуу);

Жатындын суук өткөнүнө:

Эркектердин бел күчүнүн кубатталышына жардам берет.

Бала эмизген, боюнда бар аялдарга ичүүгө болбойт. 2 жашка чейинки балдарга, кары-картаңдарга, дем алуу жолдору ооругандарга, боор, ашказан, жүрөк ооруларга алкогол менен жабыркагандарга болбойт.

Дарыгер Ташбү Каразакова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости