www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Негизи Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн башкы башкармалыктын жүргүзүп жаткан саясатын түшүнүп болбойт.
Булардын саясаты жол коопсуздугун көзөмөлдөп элге шарт түзүү, элдин коопсуздугун ойлоо эмес, эптеп эле элдин жонунан кайыш тилип, айып салып, көйгөй жаратып туруш экен.
Мына “Переоборудование” рейдди жүрүүдө, 146 авто унаа кармалды. Азыркы учурда 146 авто унаа аныкталып, баары убактылуу токтотуучу айып короо токтотулуп, 5500 сомдон айып салынды. Авто унаалар мыйзамсыз орнотулган жабдууларын чечип алмайын айып короо жайынан чыгарылбайт",- деп ЖКККББ (МАИ кызматы) жар салды.
Тим эле кыйратып ачылыш жасагандай эле сүйүнчүлөштү. Көрсө, булар эптеп оокат кылып жаткан элди ар кандай шылтоо менен түйшүккө салып, терисин сыйрып алганды жетишкендик деп ойлошот тура.
Акыл-эси жайында жетекчилик, мамлекеттик орган мындай иштерди ойлонуп жасашмак.
Дегенибиз, булардын азыркы учурдагы жасап жаткан кылыгы комплекстүү иш-чара эмес. Бул 146 кокустан көзгө илинип калган унаа ээлеринин карапайым турмушуна жасалган сокку да. Азыр ар бир экинчи адам, кошумча багаж, газ койдуруп алып оокат кылып жатышат. Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу дегендей эле кеп.
Ооба, албетте мыйзамга ылайык тийиштүү документтери, уруксаат болушу шарт. Бирок түшүнөн чочугансып, эртең менен көздү ушалап тура калып рейд өткөрүп, кошумча жабдуулары бар машиналарды кармап, “профилактика” кылып жатабыз деген шылтоого жамынып карапайым адамдарга айып салган такыр туура эмес.
Мындай ишке бараардан мурун, эл-журтту кенен-кесир маалымдап, жок дегенде 2-3 ай какшап – “ай, айланайын айдоочу, убактыңар бар, УНААга барып документтерди тууралап алгыла, болбосо айып салынат" деген маалымат берүү милдет эле. Анан кыйратып салгансып 146 бечаранын машиналарын айып аянтчага тыгып салып, ошону жар салып, мактанып жатканыңарга жол болсун.
Эл жыргаганынан газ коюп жатабы? Бензин, солярка кымбаттагандан газга өтүшкөнү сокурга дагы маалым эмеспи! Анан алардын машинасын камакка алып, айып салып, ГБОсун чечип алабыз дебестен, документтерин оңойлотуп, арзандатып, акция жүргүзгөн кыйла эффект бермек.
Андыктан, өзүн актай албаган, эч нерсеге жарабаган мажбурлоо саясатын токтотуу керек. Андан көрө маалыматтык компания өткөрсөңөр болмок, жулмалабай ар кимди.
Булак: NazarNews.kg