www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 89 жаштагы Марсель Басимов менен 59 жаштагы Рузивонай Охунова үйлөнүшкөн. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Алар ушул жылдын 14-февралында баш кошушкан. Марсель Басимов улуту татар, Рузивонай Охунова өзбек. Алар Сүлүктү шаарындагы карылар үйүндө жашашат.

Сүлүктү шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинин жетекчиси Муртазакул Журабаевдин айтымында, мындай той алардын мекемесинде биринчи жолу өткөрүлдү.

Рузивонай Охунова 4 жылдан бери, Марсель Басимов 2 жылдан бери социалдык мекемеде жашайт.

«Жаңы үйлөнгөн жубайлар үчүн майрамдык кече уюштурулуп, аларга жашоо үчүн өзүнчө бөлмө бөлүнүп берилди. Алардын үйлөнгөнүнө 2 айга чукулдап калды. Алар бактылуу жашап жатышат. Марсель Басимов мурда сүрөтчү болуп иштеп, жакшы пенсия алат. Тойго карата жубайына 30 миң сомго алтын шакек, сөйкө сатып берген. Жубайларды куттуктап Сүлүктү шаарынын вице-мэри да келген», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости