www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Расмий Анкара "Түндүк агым" жана "Түндүк агым — 2" газ түтүктөрүнө жасалган террордук чабуулдар боюнча ачык жана көз карандысыз иликтөө жүргүзүү зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдиргенин "Прайм" агенттиги жазды. 

Чавушоглу россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен сүйлөшкөндөн кийин маалымат жыйын өткөргөн. Түрк министри газ түтүктөрүндөгү жардырууларды энергетикалык кризисти курчуткан "олуттуу чабуул" деп атаган. Анын айтымында, диверсияны көз карандысыз эксперттер иликтеши керек.

Былтыркы жылдын сентябрында россиялык газды Европага экспорттогон "Түндүк агым" жана "Түндүк агым — 2" түтүктөрүндө ири жарылуу болгон. Германия, Дания жана Швеция бул атайылап жасалган диверсия болгондугун четке каккан эмес. Владимир Путин муну теракт деп атаган. "Түндүк агымдын" оператору Nord Stream AG газ куурларын оңдоонун мөөнөтүн так айтууга мүмкүн эместигин билдирген.

Последние новости