www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIни акыркы сапарга узатуу зыйнаты дүйшөмбү күнү, 19-сентябрда Вестминстер аббаттыгында өтөт. Бул тууралуу Букингем сарайы Twitter баракчасына жазды.
Падышалык инсанды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-сентябрда саат 11:00гө белгиленген. Ханышанын сөөгү Виндзор сепилинин аймагындагы атасы падыша Георгий VIнын мемориалдык чиркөөсүнө коюлат.
Улуу Британияда Елизавета IIнин сөөгү жерге берилген күн эс алуу күнү деп жарыяланды.
Эске салсак, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 8-сентябрда 96 жашында дүйнө салган. 2022-жылы ханыша Елизавета IIнин такка отурганына 70 жыл толгон. Бул британ монархтарынын тактысында эң узак мөөнөт. Елизавета II 1952-жылы 6-февралда атасы падыша Георгий VI каза болгондон кийин 25 жашында ханыша болгон.
10-сентябрда Карл III расмий түрдө Улуу Британиянын падыщасы деп жарыяланды.
Карл III ноябрда 74 жашка толот жана британ тактысына отурган эң кары мураскер.
Булак: NazarNews.kg