www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тактыда 70 жыл отурган 96 жаштагы Елизавета II кайтыш болуп, Улуу Британияда улуттук аза күтүү күнү башталды. Беш күндөн кийин анын табыты Вестминстер сарайына алып келинет. Ал жерде коомчулук 25 саат бою маркум ханыша менен коштошо алат. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 10 күндөн кийин гана болоору белгилүү болду.
Анын 73 жаштагы уулу Чарльз Улуу Бртианиянын жаңы падышасы болот. Эми аталган мамлекеттин урааны дагы өзгөрөөрү маалым болду. Буга чейин "Кудай ханыша айымды сактасын" деп аталса, мындан ары "Кудай падышаны сактасын" деп аталат.
73 жаштагы Чарльздан кийин такка ким отурат? Кийинки так мураскери анын тун уулу герцог Уилиям. Андан кийин Улиямдын 3 баласы кезекте турат: Джордж ханзаада, Шарлотта ханбийке жана Луи ханзаада.
Ал эми жаңы падышанын экинчи уулу Гарри Меган Маркл менен үйлөнгөн соң падышалык милдеттемелеринен баш тартып, АКШга көчүп кеткен.
Булак: NazarNews.kg