www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шаршембиде парламентарийлер “кызматтык колдонуу үчүн” деген белги коюлган документти жабык эшик артында карап, андагы суроолорду регламентке киргизүү боюнча токтом кабыл алышты.
Жогорку Кеңештин депутаттары маянасын жана депутаттык каражаттын көлөмүн жогорулатуу чечимин кабыл алганын билдирди.
Ар бир депутатка бюджеттен күйүүчү майга жана башка чыгымдарга (мисалы, канцелярдык товарларга) 40 миң сомдон бөлүнөт. Алар сумманы 80 миңге жеткирүүнү каалап жатышат.
Бул маалыматты бир мандаттуу Октябрь шайлоо округунан депутат Дастан Бекешев тастыктап, фонддун азыркы көлөмү эч нерсеге жетпей турганын белгиледи.
"Шайлоочулар бизге тигил же бул нерсени кылалы деген өтүнүч менен кайрылышат. Мага ишенип коюңуз, биздин өзүбүздүн бюджетибиз жок, бир гана фондубуз бар. Мисалы, шаардык кеңештин депутаттарына жылына 4 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу эч ким билбейт . .. Мен коомдук кабылдамамды оз каражатым менен ондодум, ошол жерге коомдук жардамчы отургузайын деп жатам. 10 000 сомго иштегенге эч ким макул болбойт.Бул айлык эмес, чыгымга акча.Мисалы Оштон шайланган депутаттар шайлоочулар менен иштөө үчүн авиабилет жана бензин сатып алуу үчүн акча каражаты талап кылынат... Бирок айлык акынын көтөрүлүшүн билбейм», - деди Бекешев.
Анын “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан кесиптеши Эмил Токтошев бул жыйынга катышпаганын, бирок кабыл алынган чечимдерди башка эл өкүлдөрүнөн укканын билдирди.
Эске салсак, ЖК спикеринин айлыгы 30 миң сом, анын орун басарлары 27 миң сом. Фракция лидерлерине жана комитет башчыларына 26 миң сом, депутаттарга 25 миң сом өлчөмүндө акча каражаты белгиленген. Ошондой эле эмгек стажына жана класстык ченине жараша пособиелерге таянышат. Жыйынтыктап айтканда, мунун баары депутаттын айлыгы.
Булак: NazarNews.kg