www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британиянын королу Карл III элге биринчи теле кайрылуусун жасады.
Ал апасы Елизавета IIни аны шыктандыруучу мисал катары келтирди. Монарх британиялыктарга берилгендик, урмат-сый жана сүйүү менен кызмат кылууга убада кылды. Карл III Елизавета II каза болгонуна карабастан, монархиянын баалуулуктары өзгөрбөс бойдон кала берет деп билдирди. Ал ошондой эле өлкөнүн конституциялык принциптерин сактоого убада берди.
Ошондой эле Улуу Британиянын падышасы Уэльстин ханзаадасы наамын өзүнүн тун уулу, тактынын мураскери Уильямга ыйгарып жатканын жарыялады.
"Бүгүн мен ага (ханзаада Уильямга) Уэльс ханзаадасы наамын ыйгарып жатканымды сыймыктануу менен билдирем, аны мен өмүрүмдүн өтө узак мезгили бою алып жүрүү сыймыгына ээ болдум" деди Карл III.
Ал кошумчалагандай, Уильямдын жубайы Кейт Уэльс ханбийкеси наамын алат.
Булак: NazarNews.kg