www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Элмира айым айтсаңыз, учурда Кыргызстанда жыл башынан баштап элибизди кырсык каптап, адам өлүмү, кырсык көбөйдү. Бул эмненин белгиси. Ушулардын жолун кыргызчылык кылып токтотсо болобу? Тээ ата-бабаларыбыз мындай кырсык болгондо түлөө өткөрүп, кан чыгарып ырым-жырымдарды жасагандай эле...
-Мен Сизге жыл башынан бери эле, “Кыргызстанда кырсык көп болот, адам өмүрүнө зыяндуу учурлар жана жаратылыш кырсыктары тынымсыз болуп турат”, деп айтканмын. Тилекке каршы, Сиз макалада менин айткан маалыматтардын көп жерин кошпой жатасыз. Мынча сурап калдыңыз кайра айтып берейин. 2010-жылдын жыйынтыгы бул 7-жыл. Мага түшкөн аян жакшы эмес. Кан төгүлүү, кырсык, ызы-чуу көрүнүп турат. Жогору жактагылар “мындайга жол бербейбиз” дегени менен баары бир гана Кудайдын айтканы менен болот. Мындай ызы-чуу жаман кабар, бир эле Кыргызстанда гана болбойт. Дүйнө жүзүндө көп кан төгүлүүлөр жана табигый кырсыктар болот, өзүңөр көрүп жатасыңар. Негизи быйыл Кыргызстанда жаанчыл болуп, жердин астынан көп суу жана булактар чыгат. Өлкөдө жаратылыш кырсыктары көп болот. Мына Дача СУну алалы...Асмандан учуп бара жаткан самолёт келип эле адамдарды басып калды. Канча адамдар, жаш балдар, боюнда бар аялдар каза тапты. Булардын арбактары тынчый элек. Баары чабалактап жүрүшөт. Каардуу...ачуу чаңырыктар...Рухтар шейит кетти... Бир сөз менен айтканда, эл дагы пейилин оңдош керек. Эл менен бийликтин оюу ар башка болуп, эки тарап тең жакшылыкты аз ойлойт. Баары Кудайдан тилеп, жакшылыкты ниет кылыш керек да.
-Эми эмне кылыш керек, кыргыз эли кырсыкка батып калгандай? Мындай кырсыктын алдын алуу жолдору барбы? Эл менен бийликтегилерди ынтымакка чакырып дегендей...
-Эмне кылыш керек? Бата кылып, түлөө өткөрүп Кудайдан суранып, “элибиз аман болсун, эл ичинде биз аман бололу” деп Кыргызстандын баардык аймактарында, уялбай-этпей эле, "эл үчүн" деп бир ниетте курмандык чалыш керек. Курмандык чалгандардын ниети таза болсо курмандык ошол күнү кабыл болот, болбой койбойт. Бул жөрөлгө ата-бабалардан калган. Элдер ойлойт, акча топтоп ээле түлөө өткөрүп койсок баары ойдогудай болду деп андай болбойт. Алсак, көпчүлүк адамдар “Кыямат болот” дешет, Кыямат десе эле жер астын-үстүн болуп кетпейт. Элдин баары кыямат болсо элдин баары калбай өлүп калат дей берет. Мисалы жаан жаап, суу каптаган, көчкү жүргөнү, жаратылыш кырсыктардын баары ушул мына кыямат. Түркүн оорулар чыгып жатат мына ушулардын баары кыямат. Ошондуктан ар бир адам, Кудайдан "элдин тынчтыгын, кырсыктан сыртта бололу" деп тилеши керек. Элдин көбү бийликке нараазы. Албетте бийликтегилер дагы элди ойлошу керек. Бир нерсени мисал кылалы. Акыр заман деген уламыш бар аны билесиңер да Нух пайгамбар тууралуу. Жер жүзүндө адам баласы тарабынан жасалган күнөө ченемсиз көбөйгөндө, адам Кудайды тааныбай калганда, топон суу каптап, нөшөрлөгөн жаан-чачындан адамзаттын жашоосу токтойт. Акыр заман жөнүндөгү түшүнүк кыргыздарда исламга чейин эле белгилүү болгон. Энесайлык кыргыздарда бүткүл дүйнөлүк топон суудан аман калган легендарлуу Бурус (Пүрүс) кайыкка өз оокаттарын салып аман калгандыгы баяндалат. Бүгүнкү хакастардын эсинде сакталып калган байыркы кыргыз уламышын Нух (Ной) пайгамбар жана анын кемеси менен салыштырууга болот.Так ошолорду мисал катары алып, өткөндү эстеп эсибизге келип, элибиз дагы бийлик дагы ынтымакка келиши керек. Бизде учурда так ошондой келишпестиктер, арам ойлор, так ушундай кырсыктарга алып келет. Дүйнө жүзүндө адамдардын пейили кетти. Мына изилдеп карасаңар, дүйнө жүзүндөгү айтымчы, көзү ачыктар 3-дүйнөлүк согуш болот деп айтып жатышат.
-Кыргыз элин кантип сактап калса болобу, кыргыз элин айтыңызчы кыргыздар эмне кылыш керек?
-Кыргыз эли касиеттүү калк. Кан чыгарып, курмандык чалып, кыйналган адамдарга, жетим балдар үйүнө таратыш зарыл. Курмандык кылып аны жеп алып эле түйүп алып эле кетип калбаш керек. Мен сага жылдын башында, маек бергенимде, “Кыргызстанда жыл башында кырсык болот”, деп айтканмын. Кыргыз эли курмандык чалыш керек. Жакында эле Таластагы Манас Ордого барып келдим, ошондо мындай аян түштү: Хан көтөрүлөт. Хан көтөрүлөт деген бул бизде чоң өзгөрүүлөр болот. Ар кимдер айтып жатат өйдө-ылдый болуп кетет деп, бийлик эгерде, эл менен бирге болуп кетсе, эч нерсе болбойт. Бул жерде эң өкүнүчтүүсү, мага тынымсыз түшүп турган аян Дача СУ, кан какшаган элдин аркасынан акча жегендер болду. Бул жаман көрүнүш. Кыргызда сөз бар, “арбак уктатпасын” деген, чыны менен кырсык болгон жерде арбактар каарын салып ыйлап турат. 2017-жылда көп өзгөрүүлөр болот. Кыскасын айтканда бийликтегилер кыйналгандарга жардам берип, жүрөктө мээрим ойготуп, элибиз жакшылыкты көп ойлонушу зарыл. Чынын айтсам сага маек бергим келбей калды. Анткени көп айтылган маектерди бербей жатасыз...
-Рахмат
Эске сала кетсек, Элмира Сатыбалды кызы Эл агартуунун отличниги. Буга чейин бир нече маектерин алып бербей койгонбуз. Алсак, учурда камакта жаткан экс-депутат Садыр Жапаров келээри менен камалып, ага кол салуу боло тургандыгын жана жыл башынан өлкөнү кырсык каптай тургандыгын, Хандыкка келе турган адам таза кыргыз боло тургандын алдын-ала айткан.
Булак: NazarNews.kg