www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ойлогон ойду - кыстаган турмуш женет "- демекчи, биздин бактылуу жашообуз, бүгүн дүрбөлөңгө түшүп олтурат. Себеби, менин жолдошум Эрклан, Москвада иштеп жаткан жеринен 10 күндүн ичинде Кыргызстандан келип каламын деп, кеткен болчу. Тилекке каршы 25-март күнү Садыр Жапаровдун тарапташтары менен камакка алынды. Биз 16 жылдан бери Москвада, бөтөн эл, бөтөн жерде 3 баланы тарбиялап өстүруп келе жатабыз. Минтип жолдошум камалгандан бери көзүмдөн жаш токтобойт. Кантип балдарымды багамын деп санаам тынчыбайт”, - деген пикирин билдирди бүгүн, 30-апрелде Москвадан ушул тапта 2 айга камакта жаткан Эркландын жубайы Чынара Исаева.

“Эрклан, Кыргызстанга ачка калып же болбосо жумушу жок кыйналганынан, барган жери жок. Ал кыйналды, бөтөн жерде запкы, кордук көрүп бизди, үй-бүлөбүздү багып келе жатат. Кыргызстанга кеткенде, мигрантардын Кыргызстанга кошкон салымын, көйгөйүн бийликке  жеткиземин деп кеткен. Эми минтип акыйкатты айтам деп   камалып олтурат.Бул эмне деген шумдук? Кайда баратабыз?Акыйкат каяка кетти? Ооба, бул күндөр дагы өтөт. Бирок мен балдарымды кантип багамын. Атабыз адам өлтүрүп же тооночулук кылып камалган жок. Элдин каарына калып, балдарды, энелерди, ак сакал аталарды ыйлаткан жогорудагылар эртеңки күнүңөрдү ойлоп койгула, бул дүйнөгө тирек болуп эч ким калган эмес, ойлонгула деп суранат элем. Биз мусулманбыз, Кудай деген элбиз камакта жаткан балдарды бошоткула”, - деген пикирин, Москвадан боздоп ыйлаган 3 баланын энеси Чынара Исаева билдирди.

Эске сала кетсек, Чынара Исаеванын жолдошу Эркланбек, 25 мартта Садыр Жапаровду колдоо митингинде 2 айга камакка алынгандардын арасында.

Илимбек Исраилов, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости