www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук Азиянын президенттеринин кимисинде көбүрөөк бийлиги бар? Алар кантип бийлигин бекемдеп келишет? Бул суроолорго атайын адистер жооп беришет.
“Борбор Азиянын мурдагы советтик беш республикасынын бардыгын бириктирген өзгөчөлүк бар. Алардагы Конституция – бул стабилдүүлүктү камсыз кыла турган, зарыл учурда гана өзгөртүүгө дуушар болгон, мамлекетти түптөгөн жогорку тепкич эмес, президенттин колундагы бийлик куралы” – дейт Чыгышевропалык жана эл аралык изилдөөлөрдүн немис эксперти Беате Эшмент (BeateEschment).
Анын ою боюнча бул өлкөлөрдөгү бардык президенттер башмыйзамды жеке кызыкчылыгы үчүн каалаган учурда тийиштүү юридикалык контекст таап, өзгөртүп турушат экен.
Бийлигиң канча, “капитан”?
Беате Эшменттин баасы боюнча бийликти эки тизгин, бир чылбырын толугу менен Түркменстандын мурдагы президенти Сапармурад Ниязов же азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедов ээлейт. Андан кийин Өзбекстандын лидери. Үчүнчү орунда – Эмомали Рахмон, ал граждандык согуш аяктап, оппозиция менен тынчтык келишими түзүлгөн 20 жылдан бери Тажикстандын бүтүндөй саясый системасын өзүнө каратып алды. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев эгемендүүлүк жылдардын аралыгында башмыйзамга бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүү менен бийликтин негизги бөлүгүн колуна алууга жетишкен.
Өзгөчө орунда – Кыргызстан. Анын президенти башмыйзам боюнча да, чындыгында да жеке башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Анын үстүнө бул өлкөдө бийликти толук басып алам деген мамлекет жетекчилери эки ирет алмашты.
Орусия менен АКШны туурайм деп...
Казакстандын мурдагы премьер-министри, азыр сыртта качып жүргөнү оппозициядагы саясатчы Акежан Кажегельдин мындай дейт: “СССРдин кулашы менен бул борборазиялык республикаларда парламенттик эмес, президенттик башкаруу системасы орноду. Бул Орусиянын ушул жол менен кеткен домино принцибинен улам түзүлгөн, анткени КПССтин акыркы генералдык секретары СССРдин президенти болуп калган эле. Бул жерде экинчи фактор дагы бар – бардыгы АКШны алдыңкы өлкө катары карашкан. Тегин жерден президенттер иштеген офисин Акүйгө салыштырып алышкан жок. Бирок АКШдан айырмаланып, Борбор Азиядагы республикалардын президенттик системанын бир эле максаты бар: “толук бийликке ээ болуп, көбүрөөк убакыт “өзүмбилемдигин” уланта берүү.
Тажикистан менен Түрменистан бул тезисти азыр далилдеп келишет. Тажикистанда бир жыл мурун – 2016-жылдын май айында – референдум жолу менен конституцияга өзгөртүү киргизилип, өлкө башчысы Эмомали Рахмонго №65-статьясы тиешелүү болбой калды, ал боюнча бир киши эки мөөнөткө президент болуп шайланууга укугу жок. Ал эми мөөнөттүн өзү 2003-жылы беш жылдан жети жылга узартылган.
Түркменистанда 2016-жылы сентябрь айында негизги мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынып, 70 жаштан ашкан киши президент боло албайт деген чектөө алынып салынды. Тажикистан сыяктуу эле өлкө башчысынын мөөнөтү жети жылга узартылды”.
Кызыктай Кыргызстан
Ал эми Кыргызстан менен Казакстанда 2017-жыл жаңы тренд менен белгилүү болду. Кыргызстанда президент өлкөнү алты жылдан ашык башкара албайт жана экинчи ирет шайлоого катышууга укугу жок. Азыркы лидери Алмазбек Атамбаев референдум өткөрүп, президенттин бийлигин парламент менен премьер-министрге бөлүштүрүп берип койду. Парламенттин укугун көбөйтүүнү Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да сунуш кылды.
“Бирок бул демилгелерди чечмелөөгө ашыкпашыбыз керек, - дейт Акежан Кажегельдин, - Бул демилгелер эл, партиялар, мыйзам чыгаруучу органдар тарабынан эмес, аткаруу бийлиги тарабынан сунушталганы чоң шек саноолорду жаратат. Кырыгзстанда президенттик мөөнөтү аяктап баратканда мындай жолго баганы кызык. Президент ушундай жол аркылуу эл менен бийлигин бөлүшүп жатканына дегеле ишенбейм. Бул демократиянын кеңири жайылышына алып келген окуя эсимде жок”.
“Алмазбек Атамбаев президенттик тактысын ноябрдын соңунда өткөрүп берүүгө милдеттүү, анан ошонун алдында президенттик институтту алсыратып жатканында бир мандем бар. Же бийлиги кыйла кеңейген премьер-министр өзү болуусу керек, же ушул өңүттө өз кызыкчылыгы бар саясый оюндар жүрмөкчү” – деп белгилейт Беате Эшмент. Кажегельдидин пикири боюнча Кыргызстанда парламенттин ролу кеңейгени чындыгында зарылчылык. “Роза Отунбаева “туура бир жыл өлкө башчысы болом” деп убада берип, убадасына туруп, өз убагында кетип калганы жакшы жол салып кеткендей болду. Бирок саясый системанын жаңы принциптерин орното албады – Кыргызстанда президенттик институт иштебей турат. Демек, канчалык эртерээк парламенттик системага өтүшсө, ошончолук эл бийликти көзөмөлгө алып, бийлик элдин ою менен эсертешип калат”, - дейт казак эксперт.
Баш мыйзамды башыңа урам
Казак президенти Нурсултан Назарбаев көп жылдар бою өз тактысын бекемдөө менен алек болуп келди. “Бирок азыр бийлик түбөлүктүү эмес экендигин түшүнүп, аны өткөрүп берүүнү ойлонуп калгандай. Эми артка кадам таштап, конституцияга өзгөртүү киргизүү менен кийинки мураскердин бийлигин чектөөгө аракеттерди көрө баштады”, - дейт Беате Эшмент.
Тажикистандагы абал башкачараак. “Ал жакта президент улгайган жашка келе элек. Ал тактысында аябай бекем олтурат. Бийлигин дагы узартуу үчүн дайыма конституцияны курал кылып келет. Граждандык согуштун, согуштан кийин калган күчтүү оппозициянын айынан ал кошуналар кылган “кылыктарды” кечирээк баштап калды. Өзбекстанда Ислам Каримовдун акыркы жылдарында мураскерди издөө татаал жүргөнүн байкаган Эмомали Рахмон дароо конституцияга өзгөртүү киргизип, президенттикке талапкерлердин жаш курагы боюнча чектөөнү алып салды. Муну ал, өзү бир нерсе болуп кетсе, улуу баласы Рустам президенттикке талапкерлигин кое алгандай кылып ылайыкташтырып койду” –деп баса белгилейт Беате Эшмент.
Centrasia.ru сайтынан алынды.
Которгон Кызгалдак ЖАКЫПОВА
Булак: NazarNews