www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элмира Сатыбалды кызы, Эл агартуунун отличниги, жогорку билимдүү, айтымчы. Буга чейин бир нече жолу саясый маалыматтарды айтып берген. Ал тургай учурда камакта жаткан, экс-депутат Садыр Жапаровдун Кыргызстанга келэээри менен камакка алынаарын жана ага “кол салуу” болот деп айткан. Учурда Кыргызстандын тагдыры кандай болот? – деген суроо узаттык.
-Элмира айым, буга чейин бир нече суроолорго жооп ала алдык. Эми Кыргызстандын тагдыры жана келечеги кандай болот?
-Ооба буга чейин 3 мамлекетте көтөрүлүш болот деп айтканмын. Эми Кыргызстан боюнча токтоло кетсем. Чындыгында эми мындан ары дүйнө жүзүндө ар кандай көтөрүлүштөр болот. Террористер дагы күчөйт. Эми бизди Кудай сактасын дейли.
Бирок элдер арсар, ара жолдо турат. Ойлору чаар-жайыт, бир коркунучта калып кеткендей. Эл өзүн эркиндикте сезе албай жаткандай, эртеңки күндү бүдөмүк сезип калды. Бирок көпчүлүк революция болуп кетишин каалаганы менен эч кандай революция болбойт. Анткени, адамдардын 80% жакшылык жөнүндө ойлонбой арамдыкты гана ойлоп калышкан. Бир гана Кыргызстан гана эмес дүйнө жүзүндөгү адамдардын пейили оңдолушу керек.
Кимдир бирөөлөр айтып жатышат го кыямат кайың болот деп. Мага түшкөн аян боюнча кыямат кайың дегенде жер жок болуп кетпейт. Мына кыямат кайың деген көп өлкөлөрдө ызы-чуу болуп, канчалаган кары жашына карабай каза болуп жатат. Биздин Кыргызстанда болсо жаратылыш кырсыктары жана кырсыктар көбөйөт. Кан төгүлүү болбойт. Орозого чейин мамлекет тарабынан жаңы кагаз түшүп жатат. Орозодон кийин митинг тып токтойт.
Бийликтегилерди дагы көптөрдүн колуна кишен салынат. Аткаминерлердин арасында "Өмүрбек Текебаевди камап салды, бизди кандай күн күтөт" деп ойлонгондор көбөйдү. Президент ким мыйзамды бузса камакка алам деген ыкманы колдонот.
Бирок түшкөн аянды айтып койоюн. Кыргызстанды желеги айрылып турат. Айрылып дегеним бул экиге бөлүнүү дегендин белгиси. Бүркүт учуп турганы менен бүркүттүн тумшугунда томого турат. Бул деген элдин арасында эркиндиктин жоктугу дегенди түшүндүрөт. Бирок мен айтып койоюн кыргыз эли илгертен эркиндикти сүйгөн калк. Эгер бийлик мындай кысымды кыла берсе, бийликтегилер өтө жаман кырдаалга калат. Кыскасы томого жакшылык аян эмес. Бийликте тургандар өздөрүн эмес, элдерди ойлонсун. Эл жарылып, эл арасында агрессивдүүлүк күчөп кетиши мүмкүн. Президенттикке ат салышкандар абайласын. Кыргыз элинин кыйынчылыгы убактылуу нерсе, өлкөнүн келечеги жакшы болот. Кыргыз эли башка улуттарга салыштырмалуу өтө касиеттүү баатыр калк.
Булак: NasarNews.kg