www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда Айгүл гүлү гүлдөдү

Баткен облусунундагы Айгүл гүлү гүлдөдү. Учурда жергиликтүү тургундар корукка алып карашат. Аталган гүл, таажылуу келип, узун жалбырактуу, кочкул кызыл, сары түстө. Жакшылап карасаң гүлдүн ичинен шүүдүрүм тамчыларды байкоого болот. Жергиликтүү калк, сүйкөн эки жаштын көз жашы деп айтышат. Таштуу жерлерде өсүп, тамыры терең жайгашат.

Илимий тил менен алганда "Петимум Эдуарда" же орусча "Рябчик Эдуарда" деп аталат. Учурда Айгүл тоосу корукка алынып, андагы гуInsert non-formatted text hereл СССРдин "кызыл китебине" 1978-жылы киргизилген. "Айгүл" гүлү Баткен областынын Кара-Булак кыштагында орун алган.

Аталган гүл боюнча эл арасында ар кандай уламыштар айтылып келет. "Илгери бул Кара-Булак аймагында бир бай жашайт экен. Анын ай чырайлуу Айгүл аттуу кызы болуп өзүнүн наздыгы, сулуулугу менен башкалардан айырмаланып, адептүүлүгү жана эмгекчилдиги менен ата-энесин кубанычка бөлөп келет. Айгүл бой тартып эрежеге жеткенде ай жамалы ачылып сулуу кызга айланып,ошол эле айылдагы Козулан деген баатыр, эмгекчил жигитти сүйүп калат.Эки жаштын ата-энеси да балдарынын сезимдерин байкап калышып, билдирбестен той камын көрө башташат.

Тилекке каршы баскынчы душмандар менен болгон катуу кармашта Козулан тарап жеңилип, баатыр Козулан багынып бергиси келбестен кашык каны калганча салгылашып жатып каза болот. Жолдоштору анын жүрөгү айылга алып келишет. Бул кайгылуу кабарды уккан Айгүл чыдабай ыйлаган бойдон дарыянын жээгине келип отурат да сүйгөнү менен ушул дарыянын жээгинен таанышканын эске түшүрөт. Ал жерден үйүнө келип курбу кыздарын ээрчитип тоону көздөй жөнөйт.Тоого жетип курбу кыздар менен коштошот да, өзүн бийик аскадан төмөн карай таштап жан берет. Ал аскадан таштын борчугунан кыздын канына боелгондой кочкул кызыл  жана саргыч түстөгү өтө кооз гүл өсүп чыгат. Ал гүлдү "Айгүл гүлү" деп кыз боюн таштаган асканы "Айгүл таш"деп, ал эми Айгүл таштын бет мандайындагы тоону "Козулан тоосу" деп аташат. Баатыр жигит козуландын жүрөгү кыз менен кошо жерге жашырылат. Ошентип тирүүсүндө тагдырдын буйругу насип этпеген бул эки жаштын тилеги тигил дүйнөдө биригип алардын каны жанынан Айгүл гүлү жаралып калган экен.

Азыр Айгүл гүлү өскөн аймакта ондогон үйлөр салынып, Айгүл таш деген чакан айыл пайда болгон. Айгүл гүлү жыл сайын апрель айынын орто ченинде ачылып, май айынын орто ченине чейин гүлдөйт. Башка гүлдөрдөн айырмаланып анын гүлдөгөн мезгили да 20-25 күндү өзүнө  камтыйт. Анын дагы бир айырмачылыгы боюнун бийиктиги 1-1,5 мге чейин жана тоонун күнгөй эмес тескей капталында өсөт.

Уламыш интернеттен алынды:

 Булак: NasarNews.kg

Последние новости