www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элмурат Кочкор уулу:

Коркунуч талибдер менен гана чектелбейт. Мындай пикирди Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинде эмгектенген Элмурат Кочкор уулу жазды. 

Бир учурларда Сириядагы кризис кызып турган кезде, ал тарапка аскер жөнөтүү маселеси көтөрүлгөн эле. Орусия баштаган кандайдыр бир бирикменин негизинде биздин өлкөдө да аскер жөнөтө турган абал жаралгансыган. Ошондо аскер жөнөтүп, жөнөтпөө туурасында коомдук талкуу кызып, белгилүү эле мекендештерден биринин "Сирия бизге узак деп маселеге кайдыгер кароого болбойт.

Азыртадан аскер жөнөтүп коркунучту баспасак, эртең бир күн келип, бул коркунуч биздин да каалганы каккылап калышы мүмкүн", деген билдирүүсүн көрүп жылмайып койдум эле.

Көрсө, ошол кезде Сириядагы бытырандылык бул аймакка тиешелүү, ал жактагы туура эмес түшүнүктөрдөн улам пайда болгон жагдай деп түшүнгөн экен көпчүлүк. Аныгында, Сирия кризисин сиздин же менин эле айланамда жүргөн кишилер ырбатты да. Демек, биз чочулаган коркунуч ошол учурда бир гана Сирияда болбогондой эле, бүгүн да айтылуу коркунуч талибдер менен гана чектелбейт. Коркунуч кайра эле биздин ичибизде, аралашып эле жашап келе жатабыз", - дейт Элмурат Кочкор уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости