www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2009-жылдын 23-июлунда күтүлбөгөн жерден Алмаз Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев президенттикке талапкерлигин алып салат. Эмне себептен эки-үч ай будуң-чаңды чыгарып, так шайлоо күнү эки талапкер чалкасынан кетти? Оппозиция катуу шок болуп, ал эмес жүрөгү тоо маркум Болот Шерниязов: «Таластыктар берип жибериптир» -деп жоолук берген. Анткени, талапкер катары Таласка барганда Атамбаев таластыктарды таарынткан экен. Таластыктарды Болот Шерниязов эптеп тынчытат, качан Атамбаев президенттик талапкерден баш тартаар менен ага жоолук ыйгарган.

2009-жылдын жазы да дүрбөлөң менен башталды. Бакиевдик бийликке тирек болуп жүрүп, оппозицияга ооп келаткан Медет Садыркулов, бийликти алмаштыруунун «Барбарос планын» түзүп, казак олигархтарынан колдоо алып, «Чоң казатка» аттанганга даярданат. Оор уйкуда жаткан оппозиция ойгонот. Өлкөдө революциялык кырдаал түзүлө турган болуп, бийлик да оппозицияга каршы «АБВГДейка» пландарын иштеп чыгат. «А» планы боюнча МЧСтин көзүн тазалаш керек болчу. Бул ишке ашып, оппозиция оңкосунан кетип, «нокаут» алат. «Б» планы боюнча, оппозиция эсине келгиче, президенттик шайлоону өткөзүп алуу керек болгон. Элди ишендириш үчүн ЖКдагы оппозициячыл СДПК фракциясынан бир депутатты сатып алып, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөзөбүз деп какшатыш керек эле. Андай депутат табылат. Оппозицияга айгак, саткын болуп, бийликтин көрсөтмөсүн так аткарат. «В» план боюнча, БЭКти бөлүп-жарып, «кол бала» оппозиция түзүш керек болгон. Муну куп аткарган Темир Сариев «Ак шумкары» менен бөлүнүп, БЭКке каршы иштейт. «Г» план боюнча БЭКтин республикалык штабына ишенимдүү адамын кийирүү керек болгон. Кудай оңдой берип, республикалык штабдын жетекчиси болгон Бакыт Бешимов инисинин Тышкы иштер министрлигиндеги кызматын сактап калыш үчүн жүзүн аларга бурат. Бирок, элдин сүрү башкы штабчыны уруп да ойнобой, акыркы «нз» болуп турган «Д» планын иштелип чыгат. Бул «Д» планын 2009-жылдын 19-июлуна чейин төрт гана адам билген. Ал эми 19-июль күнү бул пландын башкы каарманы СДПК фракциясынын лидери таанышып, бекитет. «Д» пландын негизги максаты провокация жасап, шайлоо күнү президенттин башкы атаандаштарын БЭКти мыйзамга негиздеп, шайлоодон сүрүп салуу болгон. Дүйнөлүк коомчулук жана Кыргызстанда өтө турган ЖККУ саммитине катыша турган мамлекет жетекчилери шек санабагандай жеңишке жетишүү керек болгон. Провокация өтө турган жер да кылдаат тандалып алынат. Бийлик бутун тосуп, административдик ресурстарды айла-амалы жок колдонсо да, Ысык-Көл аймагы «жумуртка чабуулунан» «матч-реванш» алыш үчүн, БЭКти колдоп 32 миң добуш топтоп, талапкер Атамбаев көл аймагын кыдырганда эч бир чыр-чатаксыз, провокациясыз, дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алынып, салтанат менен узатылып жатты. Мунун артында ким турат? Байлыгы болгон менен, саясий түшүнүгү жок, акча десе оңко-тоңкосунан кеткен ач көз депутат Мирбек Асанакуновдун колунан мындай иш келмек эмес. Бийликтин саясий технологдорунун таш-талканын чыгарып жаткандар ким? Тыкаат аңдуулардан кийин бул сыр да ачылат. Көрсө, бул иштин сыры барып, саясий карьерасын жаңы баштап, 2007-жылы парламенттик шайлоодо көзгө көрүнгөн жаш депутат Кубаныч Кадыров бул иштин саманын сапырып жаткан. Бийликтин «машинасына» туруштук бергенинин себеби, көлдүктөрдү бийликке каршы тикесинен тургузуп, бөлүнүп берилген акчаларды, алкы бузук депутаттардай бөлө тартпай, элге так жеткизип, оппозицияны «жумуртка» менен курутуп атак алган «ОБОНчуларга» каршы өз командасын түзүп, провокациялардын баарынын алдын алып жаткан. Ал эмес, анын бул кылган иштери үчүн талапкер Алмаз Атамбаевден алкыш алганы - башкалардын ичин туз куйгандай ачыштырат. Бийлик «бир ок менен эки коён атыш» үчүн өзүнүн «Д» планын ишке ашырууга көл аймагын тандап алат. Биринчиден, элге ишенимдүү болуш үчүн Түндүктөн элди көтөрүш керек . Экинчиден, БЭК ишенген эки депутат тең «дилетант» СДПК лидеринин сөзүнөн чыкпаган, бири жаш, бири аңкоо депутат болгондуктан, аларды алдап провокация жасоо оңой. 23-июль күнү шайлоо адилетсиз өтсө, Кубаныч Кадыровдун сунушу менен «элдик санак» уюштуруу боюнча Республикалык штабдан «иш план» келип түшөт. Муну да жаштык инерциясы менен эл үчүн баш көтөргөн Кубаныч Кадыровго окшогон жаштар ойлоп табышкан. Качан бийлик административдик ресурстарды одоно колдонуп, бийлигине карата кысым менен мыйзамсыз иштерге барып жатканда, ага каршы иштелип чыккан «элдик санак» мааниси, бүткүл өлкө боюнча ар бир шайлоо участокторунун алдында көптөгөн эл топтолуп, шайлоо комиссиясына ачык түрдө «элдик санак» кылуу талабын коюу болгон. Эгерде эл чечкиндүү мындай кадамга барса, бийликтин дүйнөлүк коомчулук алдында кадыр-баркы кетмек. Эл чогуларын бийлик алдын ала билген, ошол үчүн аны башка максатка буруу үчүн, бул план абдан жашыруун түзүлгөн. СДПК лидери Бакыт Бешимов фракциянын депутаты  Кубаныч Кадыровду 22-июлда чакырып алып, көлдө элди шайлоо күнү түштө чогултууга көрсөтмө берет. Ал көлдө жүргөн Мирбек Асанакуновго кабарлайт. Асанакунов областтык жана райондук штаб жетекчилерин Балыкчыга чогултат. Балыкчыга келгендерге: -Борбордук штабдан Кадыров СДПК лидери менен жолугуптур. Эртеңки шайлоо күнү баарыбыз аткаруучу милдеттерибиз тууралуу Кубанычка түшүндүрүптүр. Сыягы, мурун бекитилген пландар өзгөргөн окшойт,- дейт. Ошентип алар Кадыровду күтүп калышат. Кадыров келип мындай дейт: -Баары бир эртең шайлоо адилетсиз өтөөрү белгилүү болуп калды. Ошондуктан план өзгөрүлдү. Эртең саат 12де эле Балыкчыда митингге чыгабыз. Ушул иштерди уюштуруу жагын колго алышыбыз керек. Каражат болсо чечилген. Эгерде кырдаал курчуса, көлдүктөр бул бийликти ары-бери кылышыбыз зарыл. Алмаз Атамбаев республикалык штаб жана облус координаторлору менен бирге планды бекитти дейт. Ошентип эртеңки митингдин камын көргөнү кетишет. Эртеси шайлоо жапырт бурмалана баштайт. Балыкчыда бийликке каршы чыккан Гүлнара Жамгырчиеваны (кийин ЖК депутаты) ШИИБге алып кетет. Митингге шылтоо табылат. Митингге даярдык көрүп турган топ депутат К.Кадыровдун (апрель революциясынан соң ИИМ министринин орун басары болгон) буйругун, Кадыров болсо, СДПК лидеринин буйругун күтүп калат, жөн турбай башка облустарда акыбал кандай экенин билүүгө аракет кылат. Биринчи Атамбаевдин Нарын облусу боюнча штаб-башчысы Алмамбет Шыкмаматовго (азыр министр) чалып. Аларда эч кандай план өзгөрбөгөнүн билет. Андан соң телефон аркылуу Чүй облусу боюнча координатору Айбек Азыранкуловго (Чүйдүн эксгубернатору) чалып, бул жакта да эч өзгөрүү болбогонун билет. Ал көлдүн координатору Асанакуновго (көлдүн экс-губернатору): - Мирбек аба, бул «подстава» окшойт. Мен азыр Шыкмаматов менен Азыранкуловго чалдым. Ал жакта тынч, өлкө боюнча жалгыз көл чыгат экен. Алмаз Шаршеновичке чыгып көрөлү,- дейт. Ал: - Мен өзү менен сүйлөштүм,-деп болбой коёт. Аңгыча Мирбек Асанакунов элди дүрбөтүп митингге баштап алып жөнөйт. Бул митингдин айынан күнөөсүз адамдар бейкүнөө камалышкан. «Д» планы ишке ашып, шайлоо күнү Балыкчы эли көтөрүлүп, бийликтин провокациясы менен чыр чыгып, аларды ошону шылтоо кылып камашат. Талапкер Атамбаев эч нерсени билбеген адам болуп пресс-конференция өткөзүп президенттикке талапкерлигин алып салат. Оппозиция оңкосунан сайылып, эл эмне болгонун түшүнбөй калат. «Күнкарама» КТРК тынбай бул маалыматты элге таратат. Атамбаев муну Бакыт Бешимов жасады деп, ал АКШга кире качкан, өздөрүн оппозициянын алдында акташ үчүн М. Асанакунов ким «крайний» экенин издебей, актаныш үчүн ар кимге айып тагып, өзү бийликтин алдында суудан кургак болуп чыга келген. Атамбаевдин учурунда губернатор, профсоюздардын төрагасын алган. Эмгиче ошол жерде. Бийликтин «таш тырмагынан» кутулуу М. Асанакунов күнөөнү Кадыровко оодарып, тескери бурулуп кетет. «Ак ийилет, бирок сынбайт», убакыт өтүп М.Асанакуновдун былыктары көп экенин эл билип калды. Ушул окуяны жакшылап изилдеп, кимдин чыныгы айыбы болсо, эл алдына ачык айтыш керек. Айыпты иштеп жаткан жаштарга түртө салып, аларды тебелеп-тепселей берсе болобу? Бул окуя эч таанышы, акча, байлыгы жок жаштарга сабак болот. Анткени саясатта «азуулуулар» тез эле «жара тартып» кетерин жаштар салмактап көрсүн. Кечээки эле ак кызматты кылып жүргөн Кубаныч Кадыров бекер жерден бир топко куугунтукталып жүрдү.

Апрелдеги башаламандыктан соң СДПК байчечекейдей гүл ачып, жамгырдан кийинки козу карындай жабырап кирген «байчечекей» мүчөлөрү - «клондор» көбөйгөн. Ош окуя болор алдында өзбек спортсмендерин куралдандыруу үчүн Ош областтык Ишки иштер башкармалыгына борбордон бѳлүнгѳн чоң суммадагы каражатты Абдылда Капаровдон алганынын бети ачыла баштады. Ал кезде СДПК фракциясы «союз нерушимый» болуп, өздөрү сулуулугу же көрктүүлүгү үчүн «союз нерушимый» болуп жатабыз жешчү. Атамбаев «ээрден» ооп калар менен, «төөнү сел алса, эчкини асмандан көр» болуп, СДПК саясий аренадан таптакыр сүрүлүп калды. Атамбаевдин артында кечээки эле колдоп жүргөндөрү калды. Жаштар чоң саясатчылардын «кол куурчагына» айланып, керек болгондо, «пешка» сыяктуу «жертва» болгонго каршы бирикпесе болбойт. Тарыхта мындай учурлар болгон. Армиянын башында жаш Тухачевский турганда, немистер СССРге кол сала алмак эмес. Тухачевскийдин көзүн тазалаш үчүн жалган документтерди даярдап Сталиндин алдына жеткизет. Сталин Ворошиловдон сураганда, тың жаштардын өсүп келатканына ичи күйүп турган Ворошилов «булар саткындар» деп, жаш маршал, генералдардын баарын аттырып жиберген. Согуш башталганда Ворошиловдун колунан эч нерсе келбей калып, эптеп аман калышкан Жуков, Рокоссовскийлер жеңишке жеткирди. Бүгүнкү күндүн «ворошиловдору» М.Асанакунов иштеп аткан «тухачевскийлерди» саткынга айлантып атышат. Кырдаал минтип отурса, КСДП үчүн жанын берген «Жуков», «Рокоссовскийлер» чыгаарын бир кудай билет. СДПКнын «Сталини» Атамбаев болсо, «Ворошиловдордун» айгак-айыңдарын таразага салып, салмактап отурбай эле жаш жигиттерин жалпайта чаап, камап жүрдү. Жалпайта чапканы “бумеранг” сыяктуу өз башына тиерин ойлогон жок. Балким, Атамбаевдин өзүнөн болуп жүрбөсүн. Ал 2006-жылы ноябрда Кулов элге кошулбай койду деп, болгон жалаа ФШКга сүйкөлгөн. Ал эми 2007-жылы оппозицияны таштап премьер-министр болгондо, Ногойбаев менен митингге келген элдин таш-талканын чыгарып, күнөөнү Кулов менен «Бириккен фронттун» Көтанисине оодарган. 2009-жылы президенттик талапкерден баш тартканы үчүн Бакыт Бешимов жооп бермек, бирок ага кошуп, чын-бышыгына жетпей, ушак сөзгө ишенип ар кимди күнөөлөй берип өзүнүн кадыр-баркын кетирип алды. Атамбаев мульти-миллиардер байлыгы кекиртектен, бирок акылы жана ар-намысычы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости