www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоо качан болот?

Президент Садыр Жапаров менен жолугушууга 90 чакты депутат барды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине депутат Айбек Осмонов билдирди.

Анын айтымында, жолугушууда президент алгач кызматына киришкенден бери аткарган жумуштары жөнүндө айтып берди. Ошондой эле ички инвесторлор аркылуу бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйткөнүн белгилеп, келечектеги пландарын ачыктады.

«Ошону менен бирге мамлекет башчысы президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мыйзамына токтолду. Ал мыйзам боюнча акыркы чечимди депутаттарга калтырды», - деди Осмонов.

Ал Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо качанкыга дайындалышы мүмкүн экенин божомолдоду.

«Жакын арада мыйзам долбоорун кабыл алууга жетишсек, анда шайлоо 31-октябрга же 7-ноябрга дайындалышы мүмкүн», - деди ал.

Осмонов мамлекет башчысы бир партиянын кызыкчылыгын коргобой турганын, бардык партияга бирдей шарттар түзүлөрүн белгилегенин билдирди.

«Жолугушуу 2 сааттай созулду, 30 чакты депутат сөз сүйлөдү. Шайлоо жөнүндө мыйзам боюнча президент менен пикир келишпестик болгон жок. Президент биз бардык мүчүлүштүктөрдү карап, аларды жыйын учурунда жоюп, документти кабыл алганыбызды айтты. Ал өзүңөр чечкиле деп айтты», - деди Осмонов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости