www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара түн түшүп башына, кайгыда калды калың эл. Кайратты айтам баарыңа, кабыл ал элим кабыл ал.
Элим, сенин кайгыңды, көз жашыңды аарчый турган журт атасы болсун ...
Жалал-Абаддын Сузак районунда болгон жер силкинүү көптөгөн адам өмүрүн алып кетти. Кырсык болоору менен президент Аскар Акаев абал менен таанышуу үчүн зилзала болгон жерге барып, жакындарын жоготкон жашоочуларга көңүл айткан.
2008-жылы 8 баллдык жер титрөөдөн Алайдын Нура айылы тып-тыйпыл кыйрап, 75 адам о дүйнө салган. Президент Курманбек Бакиев өкмөт жетекчилери менен биргеликте тик учак менен кырсык болгон жерге учуп барып, элге көңүл айткан.
2017-жылдын 16-январда "Боинг-747-400" учагы Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына кулап, 20 чакты үйдү кыйратып кетти. Мерт кеткен 38 адамдын төртөө экипаж мүчөлөрү, калганы айылдагы жашоочулар. Набыт болгондордун 17си балдар. Президент Атамбаев текст түрүндө көңүл айтып, аза күнүн жарыялады. Мамлекет башчысы өзү кырсык болгон жерге да, жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө барган жок
Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкү астында алты үй-бүлө мүчөлөрү калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жер көчкү басып калган алты үйдө 24 адам болгон. Алардын тогузу балдар экени айтылууда
Алмаз Атамбаев КРнын президенти;
“Убалдан, Кудайдан корксоңор... билип туруп көчпөй жаткандар!”
-Бүгүн Кыргызстанда тилекке каршы кайрадан көчкү болуп,Өзгөндө кичинекей айылдагы 10 чакты үйдү көчкү басып калды.Баарынан кейиштүүсү мына эки үч күн мурун барып көчкүлө десе, укпай көчпөйбүз деп биздин мекендештерибиз такыр болбой коюптур . Менин кайгырганым мына бүгүн биометирка жаңы паспортту жасай турган жерге келип, эскисин ,жаңысын көрүп дегендей. Кудай кааласа 3-4 жылдан кийин кыргыздын саны 7 миллион болуп калат .Бирок ушундайда кайгырасың да ..Мен да айылда өскөм, көчкүсү келбегендерди түшүнөм. Макул сен үйдүн кожоюну , кожойкеси көчкүсү келбей жатса, балдардын убалы кимге?. Малдын башы баланыкынан да артыкпы? Ошол балдар аман калса , малын да сатып бермек. Алар мүмкүн ишкер болмок же президент болмок. Мекендештериме кайрылат элем ..Ушул малдын жанын, дүнүйөнү баладан өйдө койбош керек. Анткени ошол жерде көчкүсү келбей койгон атасыбы, апасыбы, чоң атасыбы, чоң апасыбы бирок балдар да кетип жатпайбы .Балдарды кичине ойлош керек. Мен деле кембагал үй бүлөдө чоңойгом. Апам жалгыз коюн да аячу эмес. Эсимде атам менен апам окууну бүтүп келгенде, жалгыз коюн союп, түлөө кылган. Балдар аман болсун , жан аман болсо табылат да баары ..Урматтуу мекендештер, мындай кичине Кудайдан корксок, өзүң жашагың келбесе, малды өзүңөн артык көрсөң, балдардын убалы кимге?. Убалдан, Кудайдан корксоңор билип туруп көчпөй жаткандар!
Булак: NazarNews.kg