www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет: Өзгөндө көчкүнүн алдында калган жарандардын тизмеси: 1.К.И. (эркек киши) (аялы, 2 уулу, 2 кызы болгон)-6 киши. 2.К.М. (эркек киши) (1кызы).-2 киши. 3.Р.Х. (эркек киши) (аялы, 1 кызы, 2 небереси)-5 киши. 4.Р.А. (эркек киши) (аялы, 1 уулу,1 кызы)-4 киши. 5.Р.И.дин (эркек киши)1 уулу болгон.-1 киши. 6.К.А. (эркек киши) (аялы, 1 уулу, 1 небереси, 1 келини, 1 уулу)-6 киши. Жалпы: 6 үйдө 24 жаран. КР Куралдуу күчтөрүнөн генералдык штабынан кошумча 100 жоокер тартылууда. ИИМден-50 кызматкер, медицина кызматынан -15 кызматкер. Издөө иштерине Унаа жана жолдор министрлигинин 956 жол тейлөө ишканасынан 1 даана инженердик техника тартылган, кошумча ӨКМден 2 даана техника тартылышы каралууда. Учурда коопсуз аймакка 40ка жакын үй-бүлө көчүрүү иш-чаралары уюштурулуп жатат, ӨКМден 5 орундуу 30 даана чатыр, 30 даана тазалык каражаттары (гигиенические средства) жана 30 даана ашкана буюмдары (куханная утварь) жеткирилет.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Ош облусунуну Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында көлөмү болжол менен 1 млн м3 болгон жер көчкү түшүп, болжол менен 7 турак үйдү басып калган анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт. Кырсыктын кесепетинен алдын ала маалыматка ылайык 24 адам жер көчкүнүн астында калган. Бул турак үй ээлерине коопсуз жайга көчүп чыгуу боюнча эскертүүлөр берилген.  Өзгөчө кырдаал катталган аймакта КР Өзгөчө кырдаалдар министри КР ӨКМнин орун басары, Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, мониторинг департаментинин директорунун орун басары, КР ӨКМнин алдындагы ККББнун көчмө башкаруу пунткту, райондук бөлүм башчысы тактоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

  Булак: NazarNews.kg

Последние новости