www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Садыр Нургожоевич ар бир районго барып, элдин көйгөйүн угуп, айрым орчунду суроолорго социалдык желелерден жооп берип жатат. Мындай пикирин жарандык активист Эльвира Аманова өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Садыр Жапаров абдан жакшы иштеп жатат. Чынында мурунку президенттерди бир, эки жыл карааны деле көрүнчү эмес. Самолётко олтурганын башка өлкөгө баргандарын көрөт элек. Ошондой эле, мурунку президенттер соцтармактарда айтылып жаткан көйгөйдү укчу эмес.

Садыр Нургожоевич ар бир районго барып, элдин көйгөйүн угуп, айрым орчунду суроолорго социалдык желелерден жооп берип жатат. Садыр Нургожоевичтин колуна тонолгон, уурдалган, талкаланган мамлекетти тапшырдык. Президент болгонуна 3 айга жакындаганда эле бакырып чыкпай сабыр кылалы.

Буюрса, 3 жылда жыйынтык көрөбүз. Бала деле төрөлө калып чуркап кетпейт го. Садыр Нургожоевич суктанаарлык иштеп жатат, эл аны көрүп турат. Келечекте көптөгөн жакшы иштерди жасап, мамлекетти өнүгүү жолуна салат деп ишенем».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости